Биз менен байланышыңыз

Хирург: Кыргызстандыктар ашыкча салмакты оору катары көрүшпөйт

Кыргызстандыктар ашыкча салмакты оору катары кабылдашпайт. Мындай пикирин КГМА медициналык борборунун директорунун орун басары, хирург Бакыт Токтогазиев «Маралга» берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, ашыкча салмак кант диабетин айтпаганда эле, адамдын организмине бир топ өзгөрүүлөрдү алып келет. Адам толгондо, өпкөсү кысыла баштайт. Дем алганы, басканы кыйла оор болуп калат. Муун ооруйт, грыжа пайда болот.

«Бизге «толуп кеттим» же «кант диабетине чалдыктым» деп эч ким келбейт. Алар эндокринологго барып, кандагы канттын деңгээлин түшүрүүчү дарыларды жана инсулин жаздырып алып кете беришет. Ошого эле маани беришет. Толуп кеткен жаштар сырткы келбети үчүн кабатырланып, операция кылдырууга бел байлашат. А улгайгандар качан муундары ооруп, кыйналганда келишет. Толуп баратканын оору катары көрүшпөйт. «Өзүм ушундай экенмин», же «ата-энем ушундай болчу» деп өзүлөрүн сооротуп  жүрө беришет», — дейт ал.

Бакыт Токтогазиев XXI кылымда ашыкча салмак коронавирустан сырткаркы эң чоң көйгөйлөрдүн бири экенин белгиледи. Анын айтымында, ашыкча салмак боюнча эң биринчи орунда азыр Америка турат. АКШда жылына 250 миңден 400 миңге чейин бариатриялык операция жасалат.

«Азыркы учурда биздин жаш балдардан да ушундай көйгөй байкалып баштады. Анткени баланс жок — тамак ичет, уюлдук телефонго отурат, кайра тамак ичет, кайра телефонго отурат», — дейт хирург.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM