Биз менен байланышыңыз

Бариатриялык хирургия деген эмне? Адистен жооп

Ашыкча салмак кошууну хирургиялык жол менен дарылоо ыкмасы Кыргызстанга жаңы гана келип жатат. Бул тууралуу КГМА медициналык борборунун директорунун орун басары, хирург Бакыт Токтогазиев «Маралга» берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, бариатриялык хирургия чет өлкөлөрдө 20-25 жылдан бери иштеп келатат. Ал эми Борбор Азияда эми гана өз ордун таап баштады. Ал толук адамдарга жана кант диабетинин 2-түрүнөн жабыркаган бейтаптарга жасалат. Учурда көпчүлүк жарандар ашыкча майлардан арылуу үчүн пластикалык операция жасатууга барышат. Бирок бул көйгөйдү убактылуу гана чечүүгө жардам берет.

«Пластикалык операция адамдын сырткы келбетин гана өзгөртөт, бирок адамдын ичиндеги: ашказандагы, ичегилердеги болуп жаткан процесстерди токтото албайт. Мындай жол менен ашыкча салмактан арылган жарандар диета кармабай, же көп кыймылдабай калса, кайра эле толуп кетет. Кайра эле сырткы келбети өзгөрөт. Ал эми бариатриялык хирургия — көйгөйдү тамырынан өзгөртүүчү ыкма», — дейт ал.

Хирургдун айтымында, бул операциянын ар кандай түрлөрү бар.

«Эрки күчтүү, «диета кармай алам», «жашоо образын өзгөртө алам» деген адамдарга убактылуу түрүн жасайбыз. Анда 2-3 жыл беребиз. 2-3 жылда ал адам 30-50 кг арыктайт. Ашказан булчуң орган болгон үчүн кийин ал чоюлат. Андан ары салмакты бир калыпта кармап кетүүгө адам өзү аракет кылат. «Жок, мен өзүмө жоопкерчилик ала албайм» десе, натыйжасы өмүр бою калуучу операция жасайбыз. Андай кишилер тамакты аз ичип калышат, өмүр бою ошол калыпта жүрөт. Толо албайт», — дейт хирург.

Бакыт Токтогазиев бул операция жалпы наркоз менен жасаларын, эң эле чоң дегенде адамдын териси 12 мм тилинерин билдирди. Мындан улам, калыбына келүү процесси да жеңил, бат өтөт.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM