Биз менен байланышыңыз

Марипов министрлер кабинетинин жыйынын өткөрдү

Кыска кабар | 6 мая 2021 | 344 | 0

Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов аткаруу бийлигинин жаңы курамы менен болгон алгачкы жумушчу кеңешмесин өткөрдү.

Анда президенттин 5-майдагы калкка кайрылуусун ишке ашырууга байланыштуу маселелер талкууланды.

Улукбек Марипов белгилегендей, татаал экономикалык абал токтоосуз чечкиндүү аракеттерге өтүү зарылдыгын шарттап турат.

«Президент Минстрлер Кабинетинин алдына бир катар антикризистик милдеттерди койду, алар аткарылууга тийиш. Бул — биринчи кезекте, бизнести жүргүзүү шарттарын максималдуу жакшыртуу. Дал ушул максатта Инвестицияларды алга жылдыруу жана коргоо министрлиги түзүлгөн. Ошондой эле жеке менчикти коргоо, сот реформасы алкагында бейтарап сотту өнүктүрүү боюнча ишти күчтөндүрүү милдети турат. Мындан тышкары, тышкы сооданы жана экспорттук потенциалды өнүктүрүү маанилүүлүгүн кеңейтүү маанилүү», — деди Улукбек Марипов.

Ошондой эле ал кошумчалагандай, экономикалык туруктуулукту камсыздоого, инвестицияларды тартууга жана коронавирус инфекциясына каршы күрөшүүгө, анын ичинде калкты эмдөө боюнча иш жүргүзүүгө басым жасоо менен мамлекеттик органдардын ишинин таасирин күчтөндүрүү зарыл.

«Бүгүн биз аткаруу бийлик бутагынын органдарынын тарыхында жаңы баракты ачуудабыз. Министрлер кабинетинин жаңы курамы бекитилди, анын ишине республикабыздын келечеги көз каранды. Бизге чоң жоопкерчилик жүктөлгөн, сөздөн ишке өтүүгө убакыт келип жетти», – деди Марипов.

Кеңешменин жыйынтыгы болюнча Улукбек Марипов ыкчам чечимдерди талап кылган бир катар тапшырмаларды берип, алар өз мөөнөтүндө аткарылышы керектигин, бул боюнча ар бир мамлекеттик мекеменин жетекчиси жеке жоопкерчилик аларын белгиледи.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM