Биз менен байланышыңыз

Чек ара кызматы орусиялык укук коргоочунун тажиктер боюнча айыптоосуна жооп берди

Кыска кабар | 6 мая 2021 | 2651 | 0

Кечээ, 5-майда орусиялык укук коргоочу Валентина Чупик өзүнүн Ютубдагы каналында Бишкек шана Ош шаарларындагы аэропортто кыргыз тарап  Тажикстандын жарандарын кармап, аларга маданиятсыз мамиле жасап жатышканын билдирди.

Бүгүн, 6-майда УКМКнын Чек ара кызматы анын айыптоолоруна жооп берди.

«Бул маалымат чындыкка дал келбейт жана улуттар аралык кастыкты козутуу аракети болуп саналат. Чек арачылар иш алып барууда эл аралык-укуктук келишимдерге жана макулдашууларга, Конституцияга жана башка Кыргызстандын нормативдик актыларына таянат.

Жарандарды Кыргызстандын чек арасы аркылуу өткөрүү иши адамдарды жарандыгына, улутуна, расасына бөлүүсүз, жалпы тартипте жүргүзүлөт.

Тажик тараптын Кыргызстандын чек арасына, ошондой эле «Кызыл-Бел унаа жолу» көзөмөл-өткөрүү пунктуна куралдуу кол салганына байланыштуу, андан тышкары жарандардын коопсуздугун камсыз кылуу максатында кыргыз-тажик чек арасындагы көзөмөл-өткөрүү пункттарында жарандарды, транспорт каражаттарын жана жүктөрдү убактылуу өткөрүү токтотулган.

Мекенине кайтуу үчүн Кыргызстандын аэропортторун колдонгон Тажикстандын жарандарынын коопсуздугун камсыз кылуу үчүн эки маршрут уюштурулган: биринчиси, Тажикстандын жарандары мекенине Өзбекстан аркылуу кетүүсү үчүн көзөмөл-өткөрүү пункттарына жеткирилүүдө; экинчиси, тажик жарандарын «Бор-Дөбө—унаа жолу» жана «Карамык—унаа жолу» көзөмөл өткөрүү пункттарына жеткирип жатышат. Эки учурда тең Тажикстандын жарандары Кыргызстандын автобустары менен жеткирилүүдө.

Аталган чаралар тажик жарандары тараптан учурдагы абалга байланыштуу туура деп бааланууда жана Валентина Чупиктин негизсиз билдирүүлөрүнө карабастан, Тажикстандын жарандары Кыргызстандын аэропортторунун кызмат көрсөтүүлөрүн пайдаланып жатышат. Бул Кыргызстан тажик жарандары үчүн коопсуз экенин далилдейт.

Тажик тарап Кыргызстандын аймагына жана тынч жаткан элге биринчи ок чыгарган. Бирок ага карабастан кыргыз тарап эл аралык укуктун бардык нормаларын сактоо менен Кыргызстандагы тажик жарандарынын коопсуздугун камсыздап жатат.

Абалды туруксуздаштырууга жана аймакта согуш чыгарууга кызыкдар жактар Валентина Чупикке атайын жалган маалымат берген деп ойлойбуз.

Чек ара кызматы Валентина Чупиктин билдирүүлөрүн негизсиз деп эсептейт жана эки мамлекеттин ортосундагы жаңжалдын курчушуна жол бербөө үчүн бардык аракеттерди көрүп жатат», — деп айтылат билдирүүдө.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM