Биз менен байланышыңыз

Токмок шаардык кеңешине шайлоо эмне себептен жокко чыккан?

Коом | 5 мая 2021 | 1526 | 0

Борбордук шайлоо комиссиясы 3-майдагы отурумунда 11-апрелде өткөн жергиликтүү кеңештерге депутаттарды шайлоонун жыйынтыгын карап чыгып, Токмок шаардык кеңешине болгон шайлоону жокко чыгарды. Буга «Эмгек» партиясы нааразычылык билдирип, бүгүн маалымат жыйын өткөрдү. 

11-апрелдеги шайлоодо Токмокто 5 партия ат салышып, анын ичинен төртөө 7 пайыздык чектен өткөн.

«Эмгек» – 47.62%

«Бирге» – 18.49%

«Эл биримдиги» — 14.13%

«Республика» – 11.92%

«Ата Журт — Кыргызстан» – 4.06% добуш топтогон болчу.

«Эмгек» партиясынан талапкер Данияр Амангелдиев Токмок шаардык кеңешине депутаттарды шайлоонун жыйынтыгынын жараксыз деп табылганын БШКнын легитимсиз чечими катары баалайт. Анын айтымында, 2 миң жарандын ичинен 398 гана адам добуш берген.

— 2019-2020-жылдардагы каттоолор баарына тең белгилүү болгон. БШК бул боюнча эч бир чара көргөн эмес. Жалпы катталгандардын тизмесин тактап, текшергенден кийин гана БШК шайлоо иштерин баштоосу керек. Бул тизмелер такталбаса, добуш берүү кантип башталды? Алар кылган жоопкерчиликсиз мамилеси менен бир топ жарандын укугун тепсеп жатышат. 2020-жылы 6 миңден көп адам катталган. УКМК, ИИМ, Мамлекеттик каттоо кызматы тарабынан иликтөө иштери жүргүзүлүп, бир нече жаран өзүнүн ордуна алып келинген. Бизге белгилүү болгондой, учурда 2 миңден ашуун адам ордунда эмес.

Жыйынга келген Токмок шаарынын тургундары шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарууга каршы пикирлерин билдиришти. Шаар калкы: «БШК бул маселени кайра карап чыксын» деген талап коюп жатышат. Токмок шаарынын тургуну Айнура Айылчиева: «Шайлообуз таза өттү деп кубанып жатсак, жыйынтыгында ушундай ызы-чуу менен коштолуп жатат», — дейт.

— БШКнын адилетсиз чечими биздин жашоочулардын башына түшкөн мүшкүл иш болду. Эгерде бул иш ушул боюнча улана берсе, Токмоктун тургундары көтөрүлүп чыгабыз деп жатышат. Мамлекеттеги оор кырдаал учурунда мындай ызы-чуунун кереги жок. Силердин максат: ар кандай шылтоолор менен алдыдагы бир партияны четтетүү болуп жатат. Шаардын элин ойлогон киши жок, ар бириңер өзүңүздөрдүн гана кызыкчылыгыңарды көздөр жатасыңар. Шайлоо жыйынтыгын кайрадан карап бергиле.

БШКнын төрага орун басары Абдыжапар Бекматов шайлоо жыйынтыктарын жокко чыгаруудагы негиздерди түшүндүрдү.

— Биринчиден, шайлоочулардын массалык түрдө катталуусу. Мамлекеттик каттоо кызматы жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын тиешелүү бөлүмдөрү тарабынан акыркы 1,2 жылдан бери шайлоого даярдоодо, буга чейинки мезгилде массалык түрдөгү каттоолор болгону аныкталды. Башкача айтканда, айрым даректерге 200дөй жарандардын катталганы боюнча фактылар табылды. Алар түрдүү даректерге катталышкан. Кээ бир шайлоо тилкелеринде 1 жарандын үйүнө 46 шайлоочу катталып, добуш берүүгө да жетишкен. Бүгүнкү күндө ИИБнин тергөө кызматы тарабынан тийиштүү иликтөө иштери жүргүзүлүп жатат.

Укук коргоо органдарынын материалдарын негиз кылган БШКдагы жумушчу топ 7 тилкедеги — №7068, 7069, 7070, 7071, 7072, 7075, 7081 шайлоо тилкелериндеги добуш берүүнү жокко чыгарууну колдоду. Токмок шаарында жалпы 20 шайлоо тилкеси бар.

Ал эми 7 шайлоо тилкесиндеги шайлоочулардын саны 5427 адамга жетип, бул шайлоого катышкан 15 806 адамдын ичинен үчтөн бирин түзөт. Демек, жыйынтык үчүн бул добуштар өтө маанилүү.

Токмок шаардык кеңешине депутаттарды шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгаруу чечимин БШКнын 10 мүчөсү колдоп, 2 мүчөсү каршы чыккан. Эми кайра шайлоону дайындоо сунушу президентке жолдонот.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM