Биз менен байланышыңыз

Баткен коогасында тажиктер уурдап кеткен 2 унаа кайтарылды

Кыска кабар | 5 мая 2021 | 722 | 1

Тажикстан чек арадагы куралдуу кагылышуу учурунда тажик жарандары тарабынан уурдалып кеткен 2 унааны Кыргызстанга кайтарды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин Чек ара кызматы билдирди.

«2021-жылы 4-майда тажик тарап «Кулунду – унаа жолу» өткөрүү бекети аркылуу «Hyundai» жана «Жигули» маркасындагы 2 унааны кайтарып берди, алар Тажикстандын жарандары тарабынан Кыргызстандан уурдалып кеткен», — деп айтылат маалыматта.

Белгилегендей, бүгүн УКМК башчысы, генерал-лейтенант Камчыбек Ташиев баштаган топ аскердик аракеттердин жүрүшүндө жабыркаган чек ара имараттарын кыдырып, текшерип жүрүшөт.

УКМК Чек ара кызматынын чек арачылары кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасынын бүткүл линиясында көзөмөл жүргүзүшүүдө.

«5-май саат 10:30га карата кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасындагы абал туруктуу деп бааланууда. Чек арачылар күчөтүлгөн режимде ишин улантууда», — деп билдирет Чек ара кызматынан.

Баткендеги чек ара окуясынан кыргыз тараптан 36 адам каза таап, 189 тургун жарадар болгон.

Соңку расмий маалыматка ылайык, чек ара жаңжалында 136 турак-жай толугу менен талкаланган. Анын ичинде 46сы – Баткен районунда, 93ү Лейлек районунда жайгашкан. Ошондой эле беш жалпы билим берүүчү мектеп, эки фельдшердик-акушердик пункт, үч бала бакча, эки милиция пункту, 24 май куюу станциясы, 60 коммерциялык объект, эки чек ара заставасы жана бир клуб жараксыз абалга келген.

Баткендеги окуяны иликтөөдө 48 ыкчам-тергөө тобу иштеп жатат

1 пикир

1 пикир

  1. РБ

    05.05.2021 13:32

    Сонун тема коесуңар!

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM