Connect with us

Калкты арзан турак-жай менен камсыздоого 30 млрд сом тартылат

Кыска кабар | 5 Май 2021 | 494 | 0

Кыргызстандын калкын арзан турак-жай менен камсыздоо үчүн атайын мамлекеттик программа иштелип чыкты. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров бүгүнкү кайрылуусунда айтып өттү.

Анын айтымында, мамлекеттик программанын максаты — кыймылсыз мүлккө болгон бааны төмөндөтүү. Ошондой эле өлкө башчы: «Жеткиликтүү болушу үчүн өлкөнүн бардык аймактарында арзан турак-жайлардын көлөмүн көбөйтүү каралган. Анализ боюнча жакынкы 6 жылда 800 миң чарчы метр турак-жайдын курулушун камсыздоо үчүн Мамлекеттик турак-жай фондун каржылоого 30 млрд сом тартылат», — деп кошумчалады.

Белгилей кетсек, учурда Кыргызстанда мамлекеттик кызматкерлерди үй-жай менен камсыздоо максатында Мамлекеттик ипотекалык компания иш алып барат. Бул компания аркылуу беш жылда жалпысынан 5332 үй-бүлө турак-жайлуу болуп, ага 6 млрд 900 млн сом каражат сарпталган.

«Эми ар бир жаран ипотекага үй ала алат»

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM