Биз менен байланышыңыз

Жеке менчик унаа токтотуучу жайларды ижарага берүү каралууда

Коом | 4 мая 2021 | 1429 | 0

Бүгүн, 4-апрелде Кыргызстандын «Унаа айдоочуларынын биримдиги» коомдук уюму маалымат жыйын өткөрдү. Анда айрым унаа токтотуучу жайларды Бишкек шаардык мэриясынын Жер ресурстар башкармалыгы инвесторлорго мыйзамсыз сатып, ордуна көп кабаттуу үйлөрдү салары айтылды. Учурда Жер ресурстар башкармалыгы Чүй\Осмонкул, Чүй\Төрөкул Айтматов көчөлөрүнүн кесилишиндеги 350 орундуу унаа токтотуучу жайды бузуп баштаган. 

Бишкек шаардык мэриясынын Жер ресурстар башкармалыгы жеке менчик унааларды токтотуучу жай боюнча соттун чечимдерин аткарбай жатат. Бул тууралуу «Унаа айдоочулардын биримдиги» коомдук уюмунун директору Бексултан Мамбеталиев маалымат жыйында билдирди.

«Жер ресурстар башкармалыгы мыйзам бузуп жатат. Бизге тиешелүү жерди инвесторлорго сатканы турат. Кыргыз ССР Министрлер Совети жана Фрунзе шаардык Аткаруу Комитетинин чечими менен бизге жер бөлүнүп берилген. Бул жерлерди мыйзамдаштыруу боюнча жасалган кайрылууларды белгисиз себептерден улам четке кагышууда. Алар тараптан мыйзамга кайдыгер мамиле кылынып жатат».

Коомдук уюмдун директору Мамбеталиев ал жерде 9 унаа токтотуучу, 3 унаа коюучу жай бар экенин кошумчалады. Анын айтымында, Советтер Союзу тарагандан кийин ал жерлер мыйзам чегинде элдик кошуунга бөлүнүп берилген.

«Ар бир унаа токтотуучу жайга 100дөн ашуун унаа коюлат. Учурда бул мыйзам Жер ресурстар башкармалыгы тарабынан тепселенип жатат. Бул жерде алар өзүнүн кызыкчылыгын ойлоп жатышат. Биз билбеген, тааныбаган инвесторлорго сатканы жатат».

Адвокат Евгений Коняшин жер талашууда жана алардын пайдасына ижара акысын өндүрүп алууда сот «Унаа айдоочулардын биримдиги» коомдук уюмунун пайдасына чечип бергенин тастыктады.

«Жер ресурстар башкармалыгы иштебеген келишимдин алкагында салык салуу менен бизди карыздар кылып чыгарып койду. Жер кодекси боюнча бизге салык салууга укугу жок экенин айтсам, аларды бул нерсе кызыктырбай турганын айтты. Жыйынтыгында 2 соттук процесс болуп өтүп, экөөндө тең Жер ресурстар башкармалыгы жеңилип калды. Биз аларга соттун чечими менен кайрылган учурда, ар кандай шылтоолорду айтып, ачык сөзгө келбей жатышат».

Ал эми Жер ресурстар башкармалыгынын башкы адиси Улукбек Сүйөркулов «Унаа айдоочулардын биримдиги» коомдук уюму койгон доону четке какты. Анын айтымында, алар 7 унаа токтотуучу жайды акысыз жана салыксыз берүүнү талап кылып жатышат. А башкармалык ижарага гана бере алышарын айткан.

«Алар Бишкек шаардык мэриясынан мөөнөтсүз жана акысыз унаа токтотуучу жайларды берүүнү суранышкан. Биз бул сунуштан баш тартканбыз. Башкармалыкка Свердлов райондук прократурасынан алардын арызын кайрадан карап чыгуу боюнча соттун чечими келген. Бишкек шаарынын Свердлов районундагы 7 унаа токтотуучу жайды берүү боюнча комиссия түзүп, алардын талабын карап көргүлө деген. Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 8-беренесине ылайык, шаардын ичиндеги жерлер ижарага гана берилет деген факт менен алардын арызы канааттандыруусуз калтырылган».

Айта кетсек, Чүй\Осмонкул, Чүй\Төрөкул Айтматов көчөлөрүнүн кесилишинде эч кандай бузуу иштери жүргүзүлбөнү, ал жер келишимдин негизинде насос станциясына берилгени маалым болду.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM