Биз менен байланышыңыз

Токмок шаардык кеңешине шайлоонун жыйынтыгы жараксыз деп табылды

Кыска кабар | 4 мая 2021 | 373 | 0

БШК Токмок шаардык кеңешине депутаттарды шайлоонун жыйынтыгын жараксыз деп тапты. Маселе 3-майдагы отурумда каралган.

11-апрелдеги шайлоодо Токмокто 5 партия ат салышып, анын ичинен төртөө 7 пайыздык чектен өткөн.

Андагы жыйынтык менен:

— «Эмгек» – 47.62%

— «Бирге» – 18.49%

— «Эл биримдиги» — 14.13%

— «Республика» – 11.92%

— «Ата Журт — Кыргызстан» – 4.06% добуш топтогон болчу.

Шайлоодон кийин партиялар айрым шайлоо тилкелериндеги жарандарды массалык каттоого алуу, административдик ресурс, мыйзамсыз үгүт сыяктуу мыйзам бузуулар тууралуу айтып чыгышкан. Укук коргоо органдары териштирүү жүргүзүп, айрым фактылар тастыкталды.

Укук коргоо органдарынын материалдарын негиз кылган БШКдагы жумушчу топ 7 тилкедеги — №7068, 7069, 7070, 7071, 7072, 7075, 7081 шайлоо тилкелериндеги добуш берүүнү жокко чыгарууну колдоду. Токмок шаарында жалпы 20 шайлоо участогу бар.

Ал эми 7 шайлоо участогундагы шайлоочулардын саны 5427 адамга жетип, бул Токмокто шайлоого катышкан 15 806 адамдын ичинен үчтөн бирин түзөт. Демек шайлоонун жыйынтыгы үчүн бул добуштар маанилүү.

Эми мыйзамдын негизинде кайра шайлоо күнүн дайындоо сунушу өлкө башчыга жолдонот.

Токмок шаардык кеңешине депутаттарды шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгаруу чечимин БШКнын 10 мүчөсү колдоп, 2 мүчө каршы чыккан.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM