Биз менен байланышыңыз

Жогорку Сот Равшан Сабировго карата бардык өкүмдөрдү жокко чыгарды

Кыска кабар | 4 мая 2021 | 492 | 0

Жогорку Сот мурдагы вице-премьер-министр Равшанбек Сабировго карата чыгарылган бардык өкүмдөрдү алып салды.

Жогорку Соттун басма сөз кызматы билдиргендей, органдын 20-апрелдеги токтому менен жактоочунун Р.Сабировдун кызыкчылыгы үчүн берген арызы жаңы ачылган жагдайлар боюнча прокурордун корутундусуна ылайык канааттандырылды.

Сабировго карата Жогорку Соттун 2013-жылдын 23-майындагы токтому жана Бишкек шаардык сотунун 2013-жылы 7-марттагы өкүмү жокко чыгарылды. Кылмыш иши жаңы аппеляциялык соттук кароого жөнөтүлдү.

2012-жылы Социалдык өнүктүрүү министри болуп турган Равшан Сабиров коррупцияга шектелип кармалып, кызматынан четтетилген. Тергөөнүн версиясы боюнча, министрлик он жеке фирмага бала асырап алуу менен алектенүүгө уруксат берген. Сабиров беш жылга эркинен ажыратылып, 2014-жылы мунапыс боюнча бошотулган.

Былтыр октябрь окуяларынан кийин Сабиров вице-премьер-министр болуп дайындалып, 2021-жылдын февраль айына чейин иштеген. Андан кийин президент Садыр Жапаровдун кеңешчиси болуп дайындалган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM