Биз менен байланышыңыз

Эне-баланы коргоо улуттук борборунун директору Узакбаев кызматынан бошотулду

Кыска кабар | 3 мая 2021 | 749 | 0

Эне-баланы коргоо улуттук борборунун директору Камчыбек Узакбаев ээлеген кызматынан бошотулду. Маалыматты Саламаттыкты сактоо министрлиги тастыктады.

Узакбаев министрдин көрсөтмөсү боюнча кызматынан бошотулган. Анын ордуна Гүлзат Маймерова балдар ооруканасынын башчысы болуп дайындалды.

Эскерте кетсек, ТИМ кызматкери Бактияр Шакиров 1-апрелде Эне-баланы коргоо улуттук борборунда медайым ага асма укол сайгандан кийин каза болгон. Ал өзүн жаман сезип, биринчи медициналык жардам көрсөтүлгөнүнө карабай эсин жоготуп, андан кийин ошол жерде каза болгон. Белгилүү болгондой, каза болгон кызматкер аталган ооруканага өзүнүн дары-дармегин көтөрүп, укол алуу үчүн келген.

Натыйжада Саламаттыкты сактоо министри Эне-баланы коргоо улуттук борборунун директору Камчыбек Узакбаевди, башкы дарыгерди, бөлүм башчыны жана медайымды убактылуу иштен четтеткен.

Соттук-медициналык экспертиза Бактияр Шакировдун өлүмү коронардык артериялардын айкын атеросклерозунунун натыйжасында пайда болгон курч жүрөк-кан тамыр жетишсиздигинен келип чыккандыгын аныктады.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM