Мурдагы судьялардын ыйгарым мөөнөттөрү аяктагандыгына байланыштуу Судьяларды тандоо кеңеши президент Садыр Жапаровго жаңы талапкерлерди сунуштады.
Садыр Жапаров сунушталган 13 талапкердин 10ун колдоп, 3 талапкердин документтерин артка кайтарды.
Өлкө башчысы кол койгон жарлыктарга ылайык, алар төмөнкү аймактарга кызматка жөнөтүлүштү:
— Жалал-Абад облусу:
Чаткал райондук соту:
— Шарипбай уулу Керимбек;
— Чүй облусу:
Чүй облустук соту:
— Койлубаев Алмаз Абдракунович;
— Умуркулов Таалайбек Асканович;
— Бишкек шаары:
Бишкек шаардык соту:
— Аккозуев Талант Ниязакунович;
— Есекеев Керезбек Сүйөркулович;
— Илиязова Назгүл Асанбековна;
— Кожомбердиев Нурлан Кожомбердиевич;
— Момуналиев Адис Жолдошбекович;
— Чериков Нурлан Кийикбаевич;
— Эсеналиев Нурбек Канатбекович.