Биз менен байланышыңыз

Тажикстан кыргыз аскерлерине карата кылмыш ишин козгоду

Кыска кабар | 3 мая 2021 | 1186 | 0

Тажикстандын Башкы прокуратурасы 29-апрель күнү Кыргызстандын 200дөй жараны жана аскер кызматкерлери тарабынан Исфара шаарынын Чорку жамаатына кол салуу болгон деген факт боюнча кылмыш ишин козгоду. Бул тууралуу «Азия-Плюс» басылмасы Тажикстандын Башкы прокуратурасынын пресс-борборуна шилтеме берүү менен жазды.

«Тажикстандын Башкы прокуратурасы тарабынан Жазык кодексинин 104-беренеси (Адам өлтүрүү) жана 395-беренеси (Агрессивдүү согуш) менен кылмыш иши козголду.

Куралдуу кол салуунун кесепетинен Исфара шаарынын мэри Баховаддин Баходурзода жаракат алып, Тажикстандын жарандары каза болду», — деп айтылат маалыматта.

Тажикстандын Башкы прокуратурасы билдиргендей, андан кийин жаңжалга Кыргызстандын жоокерлери, офицерлери жана жарандары тартылып, курал-жарак жана аскер техникалары пайдаланылган.

«Үйлөр, ар кандай багыттагы объекттер бузулган. Тажикстандын Башкы прокуратурасы муну менен кыргыз тарап БУУнун уставын бузганын маалымдайт», — деп айтылат маалыматта.

Буга чейин Кыргызстандын Башкы прокуратурасы 29-апрелдеги Баткен облусундагы кагышуулар боюнча кылмыш ишин козгогон. Кыргыз тарап Кыргызстан менен Тажикстандын 2004-жылы 26-майда кабыл алынган келишими бузулганын билдирген. Кылмыш иши Кыргызстандын Жазык кодексинин 380-беренеси (Тынчтыкка каршы кылмыштар) менен козголгон. Сотко чейинки өндүрүш ишин жүргүзүү милдети УКМК, ИИМ жана Аскер прокуратурасынын кызматкерлеринен түзүлгөн тергөө тобуна жүктөлгөн.

Ошондой Ички иштер министрлиги чек арадагы окуялар боюнча 11 кылмыш ишин козгогонун билдирген. Ички иштер министринин орун басары Эркебек Аширхожаевдин айтымында, «Адам өлтүрүү», «Массалык башаламандык», «Тынчтыкка жана адамзаттын коопсуздугуна каршы кылмыштар», «Бейбаштык», «Чек арадан мыйзамсыз өтүү» беренелери боюнча иш козголгон.

Чек арадагы окуяларга байланыштуу 11 кылмыш иши козголду

Акыркы маалыматтар боюнча, Кыргызстанда 3-майга карата чек арадагы жаңжалдан 183 адам жабыркап, анын 35и каза болгону аныкталды.

Ошондой эле, Баткен облусу боюнча 107 турак үй, 2 мектеп, 1 ФАП, 1 бала бакча, 10 май куюучу жай (АЗС), 8 дүкөн, 4 соода түйүнү, 4 социалдык объекттер, 5 башка мамлекеттик имарат талкаланып, өрттөлгөн.

Ал эми Тажикстан тарап каза болгондор боюнча расмий билдирүү тараткан жок. Жергиликтүү басылмалар 16 адам каза болгонун жазышууда.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM