Биз менен байланышыңыз

Чек ара чырында жабыркагандардын саны 183кө жетти

Кыска кабар | 3 мая 2021 | 325 | 0

Бүгүн, 3-майдагы таңкы маалыматка ылайык, жалпы жабырлануучулардын саны 183 адамга жетип, 35 киши курман болду. Бул тууралуу Бишкектеги маалымат жыйында Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министринин орун басары Ализа Солтонбекова билдирди.

Анын айтымында, бүгүнкү күндө 99 бейтап Бишкек жана Баткен облусунун ооруканаларында дарылануусун улантууда.

«Бишкек шаардык травматология жана ортопедия илим изилдөө борборунда 35, Улуттук госпиталда 12, Улуттук хирургия борборунда 9, Баткен облустук бириккен ооруканасында 11, Кызыл-Кыя жалпы дарыгерлер практикалык борборунда 1, Самаркандекте 2, Лейлекте 13, Кадамжайда 16 бейтап дарыланууда. Калган жабырлануучулар тиешелүү медициналык жардам көрсөтүлгөн соң ооруканадан чыгарылып, амбулатордук дарыланууга жөнөтүлгөн», — деди Солтонбекова.

Ошондой эле ал эвакуацияланган адамдардын саны такталып жатканын кошумчалады.

3-майга карата Баткен облусунун бардык райондорунда жана айылдарында, мамлекеттик чек арасынын кыргыз-тажик тилкесинде кырдаал туруктуу. Тараптар мамлекеттик чек ара тилкесинен кошумча күчтөрдү жана каражаттарды өз аймактарына чыгарып кетүү иштерин аякташты.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM