Биз менен байланышыңыз

Баткендеги жаңжалда башына ок жеген жаранга операция ийгиликтүү жасалды

Кыска кабар | 3 мая 2021 | 341 | 0

Бишкек травматология жана ортопедия илим изилдөө борборунун (БТОИБ) жана Улуттук госпиталдын хирургдары кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышууда жабыркаган жаранга оор операция жасашты.

Кесиптештери менен Баткенде жүргөн БТОИБдин анестезиологу Каныбек уулу Мирлан билдиргендей, 2-майда Лейлек районундагы жалпы практикалык дарыгерлер борборуна 30-апрелде чек ара аймагындагы башаламандык учурунда башына жана көкүрөгүнө ок жеген бейтап келип түшкөн. Ал Бишкек шаарынан келген медиктердин кароосунда болуп, Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министринин катышуусундагы консилиумда тез арада башындагы окту алып чыгуу боюнча операция жүргүзүү чечими кабыл алынган.

«Оор операцияны БТОИБдун нейротравматологу Илимбек Манаров жана Улуттук госпиталдын хирургу Уланбек Ташбаевдер жасашты. Операция 2 саатка жакын созулду. Баштагы окту тез арада табуу үчүн рентгенге тартышкан. Операция ийгиликтүү аяктады. Азыркы учурда оорулуунун абалы салыштырмалуу канааттандырарлык», — деп айтылат маалыматта.

3-майдагы маалыматка ылайык, чек ара чырындагы жалпы жабырлануучулардын саны 183 адамга жетип, 34 киши курман болду.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM