Connect with us

Айдарбеков: Тажикстандын аракети аскердик агрессия, эл аралык сотто жооп бериши керек

Кыска кабар | 3 Май 2021 | 2922 | 1

Мурунку Тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кол салуу боюнча кайрылуу жасады.

Ал кайрылуусунда «Тажикстан Кыргызстандын аймагына кирип келип, жай тургундарды өлтүрүү менен агрессиялык саясат жасады» деп сындаган. Чыңгыз Айдарбеков чек ара боюнча Тажикстандын аскердик агрессиялык аракетин эл аралык ыкмалар менен жоопко тартуу зарыл деп эсептейт.

Айдарбеков белгилегендей, кыргыз-тажик чек арасындагы чырда гуманитардык укуктун ченемдери жана принциптери көз көрүнөө бузулду. Ал ченемдерге ылайык, туруктуу аскерлер тарабынан жөнөкөй жарандарга, куралсыз адамдарга ок атууга, жарандык мүлктү жок кылууга, медициналык кызматкерлерге кол салууга жана тез жардам унааларын атууга тыюу салынган.

Айдарбеков репарация жолу менен Тажикстандын агрессиясын эл аралык коомчулук тарабынан сынга алуу, аброюн төмөндөтүү, санкцияларды киргизүү, күнөөсүн мойнуна алдыруу, агрессиянын айынан болгон чыгымды калыбына келтирүү, жабыркаган тарапка материалдык жана моралдык кенемтени төлөтүү зарылдыгын баса белгилеген.

«Апрелдин аягында Тажикстан тараптан Кыргызстанга жасалган агрессияга байланыштуу бардык видео, фото материалдарды чогултуу зарыл. Бул материалдар Кыргызстанга эл аралык деңгээлде аскердик агрессия актысы үчүн Тажикстанды жоопко тартууга жардам берет. Кыргызстан — БУУ баш болгон көптөгөн эл аралык уюмдардын мүчөсү. Кыргызстан дүйнөнүн колдоосуна жана Тажикстандын аскердик агрессиясын айыптоого муктаж жагдай жаралды», — деп кошумчалаган Айдарбеков.

Ошондой эле Тажикстандын XXI кылымда аскер техникасын бир тараптуу колдонуп, орто кылымдык методдор менен маселени чечүү цивилизациялуу эмес экенин, достук мамилеге жатпасын көрсөтүү керектигин билдирген.

1 пикир

1 пикир

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM