Биз менен байланышыңыз

Таяк менен сабалган. Туткундан бошотулган кыргыз жарандарынын абалы тууралуу айтылды

Кыска кабар | 2 мая 2021 | 2950 | 1

Кечээ 1-майда саат 20:00дө Тажикстанда барымтада турган 10 кыргызстандык кайтарылган. Алардын учурдагы абалы тууралуу Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүгүү министри Алымкадыр Бейшеналиев маалымат берди.

Министрдин айтымында, барымтадан чыгарылган жарандардын тогузу ооруканага жаткырылган, бири дарылануудан баш тарткан. «Аларды таяк менен сабашкан. Баарынын денеси көгала болуп кеткен. Биз алардын баарын ооруканага жаткырдык. Бирок, бир жаран дарылануудан баш тартып, үй-бүлөсүн издеп кетти. Анткени тажиктердин кол салуусу учурунда ар ким ар кайсы жакка качкан», — деп кошумчалаган министр.

29-апрелде эрте менен, тажик жарандары тарабынан Лейлек районунун Интернационал айылынын башчысы жана 9 жергиликтүү тургун барымтага алынган болчу.

Жабырлануучулардын бири медициналык кызматкер. Баткен облусунун үй-бүлөлүк медицина борборунун фельдшери Ашыралы Бурканалы уулу. Баш мээси чайкалып, ооруканага түшкөн. Учурда абалы туруктуу.

1 пикир

1 пикир

  1. Наргиза

    03.05.2021 10:42

    Ото эле чегинен ашкан айбанчылык бул.

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM