Биз менен байланышыңыз

Баткенге Сауд Аравиядан 47,5 тонна азык-түлүк жардам келет

Кыска кабар | 1 мая 2021 | 1598 | 0

Баткенге Сауд Аравиядан 47,5 тонна азык-түлүк түрүндөгү гуманитардык жардам келе жатат. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Урматбек Шамырканов маалымат жыйында билдири.

Анын айтымында, Талас элинен 10 тонна гуманитардык жардам жолго чыгуу алдында турат. Чүй, Ош  облусунан жана Бишкектен 10 тонна жүк, мындан сырткары, Дордой ишканасынан дагы 10 тонна, ӨКМ тарабынан 20 тонна ун, 5 тонна май, 5 тонна кумшекер жүктөлүп, жолго чыкканы турат.

Эскерте кетсек, 28-апрелде Баткен районунун Көк-Таш айылындагы суу бөлүштүрүүчү жайга Тажикстандын жарандары видеокөзөмөл орното баштаган. Ага кыргызстандыктар каршы чыгышкан, көп өтпөй эки элдин жарандары бири-бирине таш ыргытуудан абал курчуп кеткен.

Кыргызстанда 1-2-май күндөрү улуттук аза күтүү күнү деп жарыяланды.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM