Биз менен байланышыңыз

Кыргызстанда 477 адамдан коронавирус аныкталды

Коом , Кыска кабар | 1 мая 2021 | 978 | 0

Кыргызстанда 1-майга карата коронавирус дагы 477 адамдан аныкталды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, Бишкекте – 255, Ош шаарында – 8, Чүй облусунда – 155, Ош облусунда – 3, Ысык-Көл облусунда – 28, Нарын облусунда – 9 адамдан илдет табылган.

Ал эми бир сутка ичинде 270 адам коронавирустан айыгып чыккан. Алсак, Бишкекте – 178, Ош шаарында – 6, Чүй облусунда – 61, Ош облусунда –8, Талас облусунда – 2, Нарын облусунда – 4, Ысык-Көл облусунда – 10, Жалал-Абад облусунда – 1 адам сакайды.

Сутка ичинде COVID-19 илдетинен Бишкек шаарында – 5, Чүй облусунда – 2 жана Ысык-Көл облусунда – 1 бейтап каза болду.

Бүгүнкү күнү стационарларда коронавирустан 1 миң 497 бейтап, амбулатордук түрдө 2 миң 191 адам дарыланууда. Алардын ичинен 1057 бейтаптын абалы орто оордукта, 362 адамдын абалы оор жана 72 бейтап өтө оор абалда жатат.

Бир сутка ичинде өлкө боюнча 8 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Пандемия башталгандан бери 4 миң 436 медицина кызматкери коронавирус жуктуруп алган, алардын ичинен 4 миң 363 медкызматкер айыгып чыкты.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 95 миң 752 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 89 миң 461 бейтап айыгып чыкса, 1 миң 612 адам каза болду.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM