Биз менен байланышыңыз

Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги «Баткенге жардам» штабын түздү

Коом , Кыска кабар | 1 мая 2021 | 937 | 0

Кыргыз-тажик чек арасында чыккан чырдан улам жабыркагандарды колдоо максатында “Баткенге жардам” колдоо штабы түзүлдү.

Элчиликтен билдиришкендей, штаб Москва шаары, Большая Ордынка көчөсү 64, строение 1 адреси боюнча жайгашкан. Элчиликтин кызматкерлери Москвада жүргөн бул окуяга кайдыгер карабаган кыргыз жарандарынан, диаспора уюмдарынын өкүлдөрүнөн жана жардам берүүнү каалаган адамдардан гуманитардык жардам чогултат.

Штаб саат 09.00дөн 19.00гө чейин күн сайын элчиликтин имаратында иш алып барат.

Байланыш телефондору: +7 925 324 – 24 – 80, +7 903 793 – 12 – 99.

Жарандар тамак-аш, кичим-кече, дары-дармек жана башка керектелүүчү буюмдар түрүндө каражат чогултууга жардам бере алат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM