Биз менен байланышыңыз

Туризм департаменти: Эл аралык «Альпиниада – 2021» 1-майда башталат

Коом , Кыска кабар | 29 Апр 2021 | 861 | 0

Салтка айланган эл аралык «Альпиниада – 2021» турнири бул жылы 1-майда башталат. Бул тууралуу Туризм департаменти билдирди.

Туризм департаменти уюштурган альпиниада тиешелүү мамлекеттик мекемелердин, туристтик ассоциациялардын жана альпинизм, аскага чыгуу, музга чыгуу федерацияларынын колдоосу астында өтөт.

Иш-чара Ала-Арча улуттук паркынын аймагында башталып, алгачкы күнү саат 10:00дөн 18:00гө чейин жергиликтүү бийликтин, чет өлкөлөрдүн Кыргызстандагы элчиликтеринин, жергиликтүү туристтик компаниялардын өкүлдөрү катышат. Анда Комсомолец чокусуна (4204 м. 1Б кт/р) биргеликте чыгуу мерчемделип жатат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM