Биз менен байланышыңыз

Коомчулук казинолорго каршы болсо, президент ал мыйзамга вето коюуга даяр

Кыска кабар | 27 Апр 2021 | 1522 | 1

Президент Садыр Жапаров бардык тараптардын пикирлерин эске алуу үчүн чет мамлекеттердин жарандарына өлкөнүн айрым аймактарында кумар оюндарынын ишин жандандырууну караштырган «Ысык-Көл областынын аймагындагы, туристтик-оюн-зоок комплексин камтыган адистештирилген административдик район жөнүндө» мыйзам долбоору боюнча ар кандай аянтчаларда кошумча кеңейтилген талкуу уюштурууну сунуш кылат.

Эгерде коомчулук чет мамлекеттердин жарандары үчүн өлкөнүн айрым аймактарында кумар оюндарын калыбына келтирүү демилгесине караманча каршы болсо, анда президент Садыр Жапаров өзүнүн конституциялык укугунан пайдаланып, аталган мыйзам долбоорун Жогорку Кеңеш кабыл алган учурда вето коюуга даяр.

Белгилей кетсек, кечээ 26-апрелде президент телеканалдардын бирине маек берип, анда казинолорду ачууну колдорун айткан.

1 пикир

1 пикир

  1. Камил Баатыров

    28.04.2021 08:54

    Вета коюу керек. Анткени бул баари-бир айрымдардын тагдырын таш талканын чыгарат. Республикабызга жакшы кадыр-барк алып келбейт.Эн башкысы керемет колубуздун имиджи «Ысык-Кол»эмес, «Кумар-Кол» болуп калышы ыктымал

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM