Биз менен байланышыңыз

Орусияда 115 миң кыргыз жараны кара тизмеге кирип калышы мүмкүн

Коом , Саясат , Экономика | 23 Апр 2021 | 4108 | 0

Орусиянын Ички иштер министрлиги КМШ өлкөлөрүнөн келип, мыйзамсыз жүргөн 1 миллиондон ашуун мигрантты 15-июнга чейин өз өлкөсүнө чыгып кетүүсүн талап кылды. Мунун ичинде 115 миң кыргыз жараны да бар. 

4 жылдан бери Москвадагы кафелердин биринде ашпозчу болуп эмгектенген Медербек Абдиев 2 жума мурун Орусиядан кара тизмеге түшүп, Кыргызстанга кайтып келген. Анын айтымында, бул тизмеге мыйзамсыз каттоодо турганы кирип калган. Мыйзамдуу каттоого туруу үчүн каражат көп кетерин, ага тапкан акчасы жетпесин айтат Медербек.

«Москвада мыйзамсыз каттоого турганым үчүн кара тизмеге кирип калдым. Каттоого туруу үчүн документтерди жасалма жол менен алгам. Мындан ары 3 жыл Орусиянын чек арасынан өтө албайм. Мыйзамдуу катталуу өтө кымбат. Ал үчүн тапкан маянамды ошол жакка жумшашым керек. Тапкан кирешем толугу менен үй-бүлөлүк бюджетке сарпталат. Мамлекет тарабынан мыйзамдуу каттоо, документ жагынан жеңилдиктер каралса жакшы болот эле. Айла жоктон жасалма документтер менен жүрүүгө мажбур болуп жатам. Кара тизмеге кирген соң, көрсөтүлгөн убакытка чейин кирүү мүмкүн эмес. Азыркы учурда Кыргызстандамын, жумушсуз үйдө отурам».

Тышкы иштер министринин кеңешчиси Алмазбек Асанбаев жүрүм-турумун мыйзамдаштырып алуу үчүн мигранттарга атайын убакыт берилгенин, бул маселе боюнча Кыргызстан тараптан тийиштүү иштер жүрүп жатканын маалымдады.

«Буга чейин Орусия тарабынан 15-мартка чейин дагы бир эскертүү берилген. Азыркы учурда 15-июнга чейин эскертип жатат. Мыйзамсыз жүргөн мигранттарга өлкөдөн чыгып, кайра кирүү менен мыйзамдаштырып алгыла деген талапты коюп жатышат. Евразия мамлекеттеринин алкагында 5 өлкөнүн ичинде жарандарыбыз үчүн 3 жылга чейин жүрүүгө укук берилген. Эгерде Евразия Биримдигине мүчө болбосок, шарттуу түрдө 1 жылда 1 жолу чыгып келиши керек. «Мигранттардын жүрүүсүн мыйзамдаштырып алгыла» деп убакыт берип жатышат. Азыр жеңилдиктер берилди, учканга мүмкүнчүлүктөр бар».

Ал эми Жогорку Кеңештин депутаты Бурун Аманова мигранттар кара тизме маселесин чечүү үчүн жардам сурап кайрылышканын тастыктады.

«Жөн жерден кара тизмеге түшүп калган кыргыз жарандары толтура. Кээде билбестиктин, кайдыгерликтин айынан да түшүп калып жатышат. 2 салыкты идеалдуу адам алат. Унааңды убагында токтото албай, сызыктан өтүп кетесиң. Ошол сыяктуу маселелер дагы бар. Эми мамлекеттин башында турган адамдар сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, маселени чечиши керек».

Саятсатчы Жеңиш Молдокматов жарандар кара тизмеге кандай жолдор менен кирип калганын айтып, мигранттарды кара тизмеден чыгаруунун жолдорун түшүндүрдү.

«Тийиштүү мамлекеттик органдар өзүнүн ишин так аткаруусу зарыл. Тышкы иштер министрлиги, Миграция кызматы жана Жогорку Кеңештин депутаттары тарабынан чаралар көрүлүшү керек болчу. Кара тизмеден чыгаруу үчүн эки мамлекеттин президенттери сүйлөшүшү керек. Кара тизмеге административдик салык салынса, каттоодон өтпөй жүргөнү билинсе, жеңил кылмыш кылса, негизинен, Орусиянын мыйзамына дал келбеген мыйзам бузууларга бара турган болсо кирет».

Эскерте кетсек, Миграция кызматынын Москвадагы өкүлчүлүгүнүн маалыматына ылайык, учурда 64-65 миңдей кыргыз жараны кара тизмеде болсо, 600 миңдей жаран миграциялык каттоого турган. Ал эми 115 миң кыргыз жараны Орусиянын аймагында мыйзамсыз жүрөт. Орусия тарабынан документтерди иретке келтирүү үчүн дагы кошумча убакыт берилди.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM