Биз менен байланышыңыз

Зеленский Путинди Донбасста жолугушууга чакырды

Дүйнө , Кыска кабар | 21 Апр 2021 | 774 | 0

Украина президенти Владимир Зеленский Орусиянын президенти Владимир Путинди Донбасста жолугушууга чакырды. Ал видео кайрылуусун президенттин Ютуб каналына жарыялады.

Зеленскийдин айтымында, 19-апрелде өткөн «Норманд төрттүгүнүн» саясий кеңешчилеринин жолугушуусунда Донбасстагы кырдаалды мүмкүн болушунча терең түшүнүү максатында жолугушуу сунушу берилген.

«Бүгүн Украинанын алдында турган маселелер жөнүндө ачык сүйлөшөлү. Чек арадагы аскерлердин абалы, биздин аскерлердин даярдыгы жөнүндө, Украинаны эл аралык өнөктөштөрдүн колдоосу жөнүндө, эмне үчүн бир эле учурда Орусиядан ушунчалык жакын жана алыс экенибиз жөнүндө сүйлөшөлү», — дейт Зеленский.

«Норманд төрттүгүнө» кирген Украина, Орусия, Германия жана Франциянын лидерлеринин башкы кеңешчилери 19-апрелде саммитке чогулушкан. Анда Украинадага абал талкууланган.

Өткөн айда Орусия Украина менен чек аралаш аймактарга жана Крымда өз аскерлерин жайгаштырган. «The New York Times» гезити Украинанын чек арасына 4 миң аскер тартылганын кабарлаган. Басылма Орусиянын Куралдуу күчтөрүнүн 28 батальон-тактикалык тобу чек араларда жайгашканын жазган. Бул жагдайга Украина жана Батыш өлкөлөрү тынчсыздануусун билдирүүдө.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM