Биз менен байланышыңыз

Бишкек: Курулуш технологиялары боюнча форум болуп өттү

Коом , Экономика | 21 Апр 2021 | 3421 | 0

20-апрелде «BiExpo» компаниясы уюштурган «Курулуш, энергетика, атайын техника жана коопсуздук» аталышындагы XVIII эл аралык конгресс жана көргөзмө форуму салтанаттуу ачылды.

Быйылкы көргөзмөгө 7 мамлекеттен 70тен ашуун компания келди. Андан тышкары чет өлкөлүк компаниялардын Кыргызстандагы расмий өкүлдөрү жана ата мекендик компаниялардын жетекчилери катышты. Саамалык катары Липецк облусунун Экспортту колдоо борборунун жана Башкыртстандын Экспортту колдоо борборунун жамааттык экспозициясы тартууланды. «BiExpo» көргөзмө компаниясынын директорунун жардамчысы Нургиза Тажыбаева бул иш-чара төрт эл аралык адистештирилген көргөзмөлөрдү бир аянтчага бириктиргенин айтты.

«Бул форумдун алкагында 4 көргөзмө болуп жатат. XVIII эл аралык курулуш жана ички жасалга, XI эл аралык энергетика жана жарык, VI эл аралык жол курулуш, атайын техника жана тетиктер, VI эл аралык каражат коопсуздугу, коргоо жана өрт коопсуздугу көргөзмөсү өтүп жатат. Иш-чаранын негизги максаты: кыргыз компанияларын чет өлкөлүк ири компаниялар менен бир аянтчага топтоо; чет элдик компаниялар менен тажрыйба алмашуу, инновациялык технологиялар менен таанышуу; негизгиси, Кыргызстанды ушул тармакта эл аралык деңгээлге чыгаруу жана таанытуу».

Канададан экспорттолгон темир-болот жабдуулар менен там салган белгилүү курулуш компаниясынын башкы директору Аскат Абдыкадыров атайын Кыргызстандын шартына ылайык, жер титирөөгө туруштук бере алган, жылытуу системасы үнөмдүү, сапаттуу үйлөрдү, имаратттарды куруп келишерин айтты.

«Курулуш жарманкеси Бишкекте жана Ошто өтөт. Жыл сайын көргөзмөгө бир топ курулуш тармагындагы ири ишканалар катышат. Биздин компания 2012-жылдан бери кызмат кылып келет. 9 жыл ичинде 450-500гө чукул мекеме курганбыз. Өлкөбүзгө атайын жаңы, мыкты сапаттагы технологияларды алып келебиз».

Кыргызстанда салынган көп кабаттуу үйлөргө жылытуу системасын орнотууда кызмат көрсөткөн ишкалардын биринин директору Кубанычбек Алимов өлкө ичинде үйлөргө жылуулук киргизүү орчундуу көйгөйлөрдүн бири экенин белгиледи. Анын айтымында, ар бир кайрылган кардарга Италиядан, Түркиядан келген жаңы технологиялар сунушталат.

«Биздин бул иш-чарага катышуубуздун себеби: мамлекеттеги жылуулук системасындагы көйгөйлөрдү чечүүгө жардам берүү. Жаңы түшкөн үйлөрдүн көпчүлүгүндө жылуулук жок. Ар бир батирге өзүнчө жылуулук системасын орнотобуз. Өндүрүштү Италия жана Түркиядан экспорттойбуз».

Форумдун өзгөчөлүгү курулуш, энергетика, атайын жабдуулар тармагында иштеген мекемелердин өкүлдөрүнүн башын бириктирип, тажрыйба алмашуусуна, акыркы улуттук жана чет өлкөлүк өнүгүүлөр менен таанышуусуна өбөлгө түзүү болду.  Иш-чаранын алкагындагы жолугушуулар жана сүйлөшүүлөр өз ара пайдалуу кызматташтыкты кеңейтип, ишкер байланыштарды жана келишимдерди түзүүгө, ой-пикир жана жаңы технологияларды алмашууга мүмкүндүк берет.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM