Биз менен байланышыңыз

Бишкекте Жеңиш майрамына жана шаар күнүнө салтанат уюштурулбайт

Кыска кабар | 20 Апр 2021 | 765 | 0

Бишкекте Жеңиш майрамын жана шаар күнүн белгилөө үчүн чоң программадагы иш-чаралар уюштурулбайт. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, борбор калаада эпидкырдаал курч бойдон.

Бишкекте пандемия маалында коронавирус жугузган жалпы 32 миң 649 адам  катталды. Ал эми 20-апрелге карата 117 учур аныкталды. Мындан улам аталган майрамдарды массалык түрдө белгилөөгө тыюу салынды.

Эскерте кетсек, Жеңиш күнү 9-майда, шаар күнү 29-апрелде белгиленет. Майрамдык иш-чаралар 2020-жылы да уюштурулган эмес.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM