Биз менен байланышыңыз

Бишкекте дарыгерге кол салуу майда бейбаштык катары катталды

Кыска кабар | 20 Апр 2021 | 724 | 0

Улуттук госпиталдын дарыгери Болот Таировго кол салуу фактысы боюнча сотко чейинки өндүрүш башталды. Бул тууралу Биринчи май райондук ИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, медицина кызматкери «102» кызматына кайрылган, окуя болгон жерге ыкчам кызматкерлер барышып, жабырлануучунун арызын кабыл алышкан. Жабырлануучу ага чала тааныш адам анын денесине залал келтирип, эшикти талкалап салганын айткан.

Аталган факт Жоруктар жөнүндө кодекстин 119-беренеси (майда бейбаштык) боюнча Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш жүрүүдө.

Ошондой эле соттук-медициналык экспертиза дайындалганы, анын жыйынтыгы менен юридикалык баа берилери айтылган.

Эскерте кетсек, Улуттук госпиталдын дарыгери Болот Таиров социалдык тармактарга аны жумуш ордунда токмоктоп кетишкенин жазган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM