Биз менен байланышыңыз

«COVAX» программасынын алкагында Кыргызстанга эмдөө каражаттары келди

Кыска кабар | 20 Апр 2021 | 783 | 0

Кыргызстанга коронавирустук инфекцияга каршы эмдөөдө колдонуу үчүн 423 миң даана шприц жана пайдаланылган ийнелерди жок кыла турган 3 825 даана атайын кутуча келди. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги билдирди.

Бул коронавирус илдетине каршы эмдөө жүргүзүү алкагындагы глобалдык жардамдын биринчи партиясы болду.

ГАВИ, ВОЗ, CEPI жана ЮНИСЕФ вакциналар альянсы башында турган «COVAX» уюмунун алкагында дүйнө жүзүндө бул демилге өндүрүүчүлөр жана өнөктөштөр менен биргеликте COVID-19 вакциналарын сатып алуу, ошондой эле ташып жеткирүү, логистика жана сактоо боюнча иштешет.

Жардамды андан ары таркатуу жана пайдалануу боюнча бардык чыгым Кыргызстандын Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигине жүктөлдү.

Өлкөдө коронавируска каршы эмдөө 29-мартта Кытайдын «SinoPharm» вакцинасы менен башталган. Кытай Кыргызстанга 75 миң адамга эсептелген 150 миң доза вакцина жөнөткөн.

Министрлик жакында «AstraZeneca» вакцинасынын 405 миң дозасы келерин билдирген.

Бишкек Москвадан да 1 млн доза «Спутник V» вакцинасын сураган. Жакынкы күндөрү аталган дарынын 30 миң дозасы келери кабарланган.

Кыргызстанда коронавирус жуктургандардын расмий саны 92 миңден ашып, алардын 1,5 миңден көбү каза болду. Ооругандардын 87 миңден көбү айыкты.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM