Биз менен байланышыңыз

50 гектар жер боюнча Ташиев Ташкентке барып, протоколду кайра карап чыкмай болду

Кыска кабар | 19 Апр 2021 | 1117 | 0

Кара-Суу районунун Савай айыл өкмөтүнүн Ынтымак айылынын тургундары Кемпир-Абад суу сактагычынын жанындагы 50 гектар жер боюнча УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиев менен жолугушуу өткөрдү.

Жергиликтүү калк Камчыбек Ташиевге Ынтымак айылынын 50 гектар жерин Өзбекстанга алмашуу чечимин жокко чыгарууну талап кылды. Ташиев айыл тургундарына түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, талкуу жараткан 50 гектар жер боюнча Ташкентке кайра барып протоколду карап чыгууга убада берди.

Буга чейин Кара-Суу районунун Ынтымак айылынын тургундары Кемпир-Абад суу сактагычынын жанындагы 50 гектар жерди Өзбекстанга берүүгө каршы болуп, митингге чыгышкан. Аталган жерде боз үй тигип, жергиликтүү калк нөөмөт менен күзөттө турган болчу.

Copyright © 2017 Maral FM