Биз менен байланышыңыз

Орусия жооп иретинде Чехиянын 20 дипломатын өлкөдөн четтетти

Дүйнө , Кыска кабар | 19 Апр 2021 | 1275 | 0

Орусиянын Тышкы иштер министрлиги Чехиянын 20 дипломатын «персона нон грата» деп жарыялады жана 19-апрелдин аягына чейин алардын өлкөдөн чыгып кетишин талап кылды. Орусия бул аракети менен Чехиянын 18 орус дипломатын өз аймагынан чыгаруу чечимине жооп кайтарды.

Буга чейин Орусиянын Тышкы иштер министрлиги Чехияга нааразычылыгын билдирип, жооп чараларын көрүүнү убада кылган. Кийинчерээк Чехиянын Москвадагы элчиси Витезслав Пивонка Тышкы иштер министрлигине чакырылып, ага жооп кайтаруу керектиги айтылды.

«Элчи Чех өкмөтү тарабынан Прагадагы орус элчилигинин кызматкерлерине орой мамиле жасаганы үчүн катуу сынга алынды. Витезслав Пивонкага Чехиянын Москвадагы элчилигинин 20 кызматкери «персона нон грата» деп жарыяланарын маалымдалган», — деп билдирди Орусиянын Тышкы иштер министрлиги.

17-апрелде расмий Прага 2014-жылы Чехиядагы ок-дары кампасын Орусиянын атайын кызматтары тарабынан бомбалоого катышкан деген шек менен 18 орус дипломатын өлкөдөн чыгаруу чечимин кабыл алган. Прага билдиргендей, бул адамдар дипломатиялык шылтоо менен иштеген Орусиянын атайын кызматынын кызматкерлери болгон.

Чехия да жарылууга байланыштуу Орусиянын жарандары Александр Петров менен Руслан Башировго издөө жарыялаган. Ошол эле учурда Россиянын Тышкы иштер министрлигинин өкүлү Мария Захарова Чехия көңүлүн орусиялык дипломаттардын чыгарылышы жана Батыштын Беларусиядагы төңкөрүш аракетине байланыштуу билдирүүсүнөн алаксытууга аракет кылып жатканын билдирди.

Буга чейин Орусия Украинанын консулун өлкөдөн чыгарары айтылган. Чехия 18 орус дипломаты депортацияланарын жарыялады жана Орусиянын Прагадагы элчиси өлкөнүн Тышкы иштер министрлигине чакырылды.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM