Биз менен байланышыңыз

Пандемия маалында туристтер 73,9%га азайды

Коом , Экономика | 14 Апр 2021 | 3761 | 0

2020-жылы Кыргызстандагы ички да, тышкы да туристтердин саны 2019-жылга салыштырмалуу 73,9% га азайган. Бул тууралуу Соода, маалыматтык-коммуникациялык технологиялар жана туризм статистика башкармалыгынан билдиришти.

Өлкөдөгү болуп жаткан оор кырдаалга карабастан Туризм департаменти – Кыргызстанды дүйнөгө туристтик өлкө катары таанытуу максатында бир топ иш-чараларды өткөрүп келет. Туризм департаментинин директорунун орун басары Кыял Кенжематованын айтымында, 2018-2019-жылдары мамлекеттеги туризм тармагынын өнүгүшү жакшы көрсөткүчтөрдү көрсөтүп келген.

«Өзүбүздүн расмий статистика боюнча, 2019-жылдын жыйынтыгы менен 8 млн 600 миңге чукул эс алуучу катталган. Туризм департаменти жана Улуттук статистика комитетинин көрсөткүчтөрү дал келбей калган учурлар болот. Себеби биздин департамент Бүткүл дүйнөлүк туризм уюмуна мүчө катары кирген. Алар койгон талаптардын бири – эки жактын тең көрсөткүчү шарттуу түрдө окшош болушу керек».

Кыял Кенжематова андан сырткары аталган тармак боюнча чечиле турган комплекстүү маселелер бар экенин айтты.

«Мисалы, жол жана чек ара маселеси, андан сырткары жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу деңгээлиндеги маселе болушу мүмкүн. Эки-үч мамлекеттик орган же жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органы эмес, 10го жакын тийиштүү жактардын келишими менен өнүгө турган тармак. Учурда жайкы туристтик мезгилдин расмий ачылышына даярдыктарды жүргүзүп жатабыз. Иш-чара май айына белгиленген. Ысык-Көлдө эл аралык көргөзмө жарманкесин уюштурабыз. Жыл сайын өтүп келген эл аралык «Альпиниада -2021» иш-чарасы ушул жылдын 1-майында «Ала-Арча» улуттук паркында өтөт. Мындан сырткары да көптөгөн иш-чаралардын планын бекиткенбиз».

Ал эми туризм тармагындагы жеке ишкер Эльдар Шабданов туризмди жарнама кылууда сөзсүз түрдө чоң суммадагы бюджеттик каражат керек эмес экенин белгиледи.

«Вакцина алган өлкөлөрдөн туристтер ПЧР-тести жок келе берсин деген токтом кабыл алса болот. Түз каттамдарды жүргүзүп койсок жакшы. Булар пандемия учурунда кылына турган иштер. Тышкы эмес, ички туризмди өнүктүрүү керек. Пандемия бүткөн соң, чек аралар ачылып, көп сандагы туристтер келип баштайт. Биз ошол мезгилге азыртан даяр болушубуз керек. Биздин аэропорттор коюлган талаптарга жооп бербейт. Аэропортторду эл аралык башкаруу компанияларына өткөрүп берүү керек. Албетте, аэропорт биздики болот. Бирок, профессионал эл аралык операторлор башкарып беришет. Эң эффективдүү жарнама – дүйнөлүк деңгээлдеги блогерлерди чакыруу. Алардын социалдык тармактарында миллиондогон катталуучулар бар. Алар аркылуу жарнама кылса болот. Блогерлердин негизги жумушу — дүйнө жүзүнө саякаттап, жарнама кылуу».

Туризмди бир гана эс алуучу тармак катары карабастан, билим берүү багытында да өнүктүрсө болорун айтат экономист Расул Түлеев.

«Туризмдин экономикадагы драйвер катары орду бар. Бир турист 4-5 жумуш ордун түзөт. Бул тармак канчалык деңгээлде төмөндөсө, ошончолук киреше булактарынын азайышына себеп болот. Мисалы, биздин өлкөгө Индиядан, Пакистандан келген студенттер медицина жаатында билим алышат. Ысык-Көлдө бир нече санаторий бар. Ошол санаторийлерди келген студенттер үчүн медициналык кампус катары ачуу керек. Ал жерге билим алуу үчүн 2 же 3 айга эмес, 10 айга чейин туристтер келмек».

2019-жылы эс алгандардын саны 1778,9 миң адамды, ал эми 2020-жылы 463,9 миң адамды түздү. Алардын ичинен 2019-жылы уюшулган сектордо 809,6 миң, уюштурулбаган сектордо 969,3 миң эс алуучу катталган. 2020-жылы уюшулган сектордо 254,9 миң, ал эми уюштурулбаган сектордо 209,0 миң адам эс алган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM