Биз менен байланышыңыз

Бишкекте 5 партиянын өкүлдөрү митингге чыкты

Кыска кабар | 12 Апр 2021 | 2381 | 0

Бишкекте БШКнын имаратынын алдына шаардык кеңештин шайлоосунда 7%дан кем добуш алган партиялардын өкүлдөрү митингге чыкты.

Нааразычылык акциясында «Социал-демократтар», «Реформа», «Кыргызстандын коммунисттери», «Тынчтык» жана «Бүтүн Кыргызстан» партиясынын өкүлдөрүн көрүүгө болот. Алардын айрымдары БШКдан шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарып, кайра шайлоо дайындоону талап кылууда. Ал эми 6%дан ашык добуш алган эки партия: «Реформа» жана «Социал-демократтар» партиясы добуш сатып алган партияларды гана шайлоодон четтетүү туура болорун айтууда.

Белгилей кетсек, учурда алдын ала жыйынтык боюнча Бишкек шаардык кеңешине төмөнкү партиялар өткөн:

Бишкек шаары боюнча 25 партия катышып, алардын алтоо 7%дык босого упайдан өттү.

«Эмгек» партиясы (13, 96%) — 10 мандат;

«Ак-Бата» партиясы (12,22%) — 9 мандат;

НДПК (КЭДП) (10,62%) — 7 мандат;

«Ата-Журт-Кыргызстан» (9,52%) — 7 мандат;

«Ынтымак» (8,3%) — 6 мандат;

«Биздин эл» (7,75%) 6 мандат;

Эскерте кетсек, бул шайлоонун алдын ала жыйынтыгы. Бишкек шаарындагы шайлоо тилкелериндеги жыйынтыктар толук келип бүтө элек.

Copyright © 2017 Maral FM