Биз менен байланышыңыз

Беларусияда №9023 шайлоо участкасы иштеп баштады

Коом , Кыска кабар , Саясат | 11 Апр 2021 | 1433 | 0

Бүгүн, 11-апрелде жергиликтүү убакыт боюнча саат 08:00дө Кыргызстандын Беларусиядагы элчилигинде №9023 шайлоо участкасы ачылды. Бул тууралуу элчиликтин басма сөз кызматынан билдиришти.

Кыргызстандын мыйзамдарына ылайык, шайлоо участкасы жергиликтүү убакыт боюнча саат 20:00гө чейин иштейт. Шайлоочулардын акыркы тизмесине киргизилген Кыргызстандын жарандары гана элчиликте добуш бере алышат.

11-апрелде Кыргызстанда жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жана референдум үчүн добуш берүү саат 08.00дө башталды.

Өлкөнүн 448 жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоо, анын ичинде 420 айылдык кеңеш жана 28 шаардык кеңештин депутаттарын шайлоо өтөт.

Ошондой эле Конституциянын жаңы долбоорун кабыл алуу боюнча референдумга добуш берүү да башталды. Ага жалпы шайлоочулардын 30% катышса, референдум өттү деп эсептелет.

Бишкек шаардык кеңешине 25 партиядан 1815 талапкер ат салышууда, Ош шаардык кеңешине өтүп жаткан шайлоого 9 партиядан 701 талапкер катышууда.

Кыргызстанда жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жана референдум үчүн добуш берүүгө 3 млн 318 миң шайлоочу катталган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM