Биз менен байланышыңыз

Камсыздандыруу компанияларына катталуу пайдалуубу?

Коом , Экономика | 9 Апр 2021 | 3831 | 0

2020-жылы каржы секторунда 15 камсыздандыруу компаниясы ишмердигин жүргүздү. Алардын жалпы кирешеси 2019-жылга салыштырмалуу 6,3%га өсүп, 1,7 млрд сомду түздү. Муну менен бирге кирешелердин негизги көлөмү (кирешелердин жалпы суммасынын 75%ы) келип түшкөн камсыздандыруу төлөмдөрүнүн эсебинен алынды. 

Мындан эки жыл мурда Бишкек шаарынын тургуну Айбек Исраиловдун үйү өрттөнүп кеткен. Бирок ал үйүн 4 жыл мурун жеке камсыздандыруу компаниясына каттатып койгондуктан, оңдоп-түзөө иштерине компания жардам берген.

«Мен 2017-жылы жеке камсыздандыруу компаниясына үйүмдү каттаткам. Бишкек шаарында турам. Компанияга жыл сайын кепилдик иретинде акча төгөм. 2019-жылы газ баллон жарылып, үйдө өрт чыккан. Өрттү убагында өчүрүп жетиштик. Бирок 2 бөлмөсү такыр жараксыз болуп калган. Кайра оңдоп, калыбына келтирүү үчүн бул компания чыгымдарды төлөп, акчалай жардам берди. Келишимге кол коюунун алдында документти толук карап, таанышып чыккыла. Мүлктү камсыздандыруу ар бир жашоочуга керек деп эсептейм. Башка өлкөлөрдө бул кызмат жакшы өнүккөн. Биздин мамлекеттин ичинде да толук жайылса жакшы болмок».

Учурда өлкөдө мамлекеттик жана жеке менчик камсыздандыруу компаниялары иш алып барат. Бишкек шаарында жайгашкан ири компаниялардын биринин төрагасынын орун басары Саламат Нурдин өздөрүнүн компаниясы 2012-жылы ачылганын, бүгүнкү күнгө чейин 90 млн сомдон ашык акчаны камсыздоого коротконун айтты.

«Биздин компанияда азыркы учурда мүлктү камсыздоо боюнча миңге жакын келишим күчүнө кирген. Кыймылдуу мүлктү да камсыздоо мүмкүн. Анын ичинен өзгөчө унааны камсыздоо. Мында унаанын өрттөнүп кетүүсү, жол кырсыгы, үчүнчү жак тарабынан зыян келтирүү, табият кырсыгына кабылуу, уурдап кетүү сыяктуу тобокелдиктердин алдын алууга болот. Мүлктү камсыздандыруунун акысы — түздөн түз мүлктүн өзүнүн баасына байланыштуу. Мисалы, унаанын баасы 10 миң долларды түзсө, камсыздоо акысы 300 доллардын тегерегинде болот».

Ал эми экономист Кубанычбек Идинов кыймылсыз жана кыймылдуу мүлктөрдү камсыздандыруу мамлекеттин экономикалык абалына оң таасирин тийгизерин белгилейт.

«Камсыздандырууга акча түшөт. Түшкөн каражат Кыргызстандын ичинде айланат. Экономикага түздөн түз оң таасирин тийгизет. Бул жарандар үчүн да, мамлекет үчүн да жакшы мүмкүнчүлүк». 

2020-жылдын ичинде 7 миң бирдиктен ашык камсыздандыруу учурлары байкалды, алардын ичинен 78%ы ыктыярдуу жеке камсыздандырууга туура келди. Камсыздандыруу төлөмдөрүнүн жалпы суммасында 42%ы ыктыярдуу мүлктүк камсыздандырууга жана 28%га жакыны жеке медициналык камсыздандырууга туура келди.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM