Биз менен байланышыңыз

Акаев: Генералдары көп Кыргызстанда жашоо азыр кооптуу

Кыска кабар | 8 Апр 2021 | 1884 | 0

Генералдары көп Кыргызстанда жашоо кооптуу, кылмыштуулук күч. Бул тууралуу депутат Жанар Акаев парламенттин 8-апрелдеги жыйынында билдирди.

Ал жыйын маалында өзгөчө Бишкек шаарында кылмыш, адам өлүмү көбөйүп кеткенине байланыштуу Ички иштер министрлигинин ишин сындады.

«Зордукчул балдардын 5-апрелде кызды уурдап, машинеге салып жаткан видеосу бардык жерге жайылды. Туугандары милицияга чалып кабарлап жатса да, эмне үчүн милиция өз учурунда чара көргөн эмес. Ошол жерде машиненин номери турат, камерага түшкөн. «Коопсуз шаар» деген долбоор бир гана жарандардан айып пул чогултуп, бюджетти толтура турган система эмес, биринчи кезекте, анын милдети жарандардын коопсуздугун сактоо болушу керек. Ички иштер министрлигине кайрылып кетким келет. Өзгөчө Бишкекте жашоо кооптуу болуп калды. Жаңы конуштарда уурулук кескин күчөп кетти. Интернетте беткапчан балдардын уурулуктары күндө чыгат. Алар камералардан коркпой калды, анткени, милиция аларды издебей жатат. Милиция аларга чара көрүп турганда, мындай болмок эмес. Эгер ушундай темп менен кете турган болсок, биздеги өнүккөн өлкөлөрдүн элчиликтери: «Бул жакта жүрүү — кооптуу, мыкаачылардын өлкөсү, бул өлкөгө келбегиле», — деп өздөрүнүн жарандарына кат жазат, көрөсүңөр. Ушундай шартта президент баш болуп генералдык чиндерди таратып отурасыңар. Бир чырактай кыздын өлүмүн жергиликтүү чабан телефон чалып айтыптыр. Анан милиция барыптыр. Мына, генералы көп Кыргызстан».

Акаев ошондой эле президенттин жарлыгы менен түрмөдөн бошотулган жарандардын өздүгүн тактоо зарыл экенин эскертти.

«Өзгөчө белгилеп кете турган нерсе, президент акыркы учурда жүздөгөн адамдарга ырайым берип, түрмөдөн чыгарды. Кимдердин чыгып жатканын тактап, өздүгүн билишибиз керек. Ырайым берди, мунапыс жарыялады. Миңге жакындады жакында түрмөдөн чыккан адамдардын саны. Алардын баарын азыркыдай кылмышка катышы жок деп айтууга болбойт», — деди Акаев.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM