Биз менен байланышыңыз

«Качан кыздарды сыйлаганды үйрөнөбүз»? Депутат кыргыз жигиттерине кайрылды

Кыска кабар | 8 Апр 2021 | 1587 | 0

Кыз ала качкандарга, ага көмөктөшкөндөргө жазаны эки эсе күчөтүү керек. Бул тууралуу депутат Эмил Токтошев Жогорку Кеңештин 8-апрелдеги жыйынында билдирди.

Ал 5-апрелде белгисиз адамдар тарабынан кармалып, 7-апрелде сөөгү табылган Айзада Канатбекованын өлүмү тууралуу айтып жатып, Кыргызстандын эркектерине кайрылды.

«Баарыбыздын жүрөгүбүздү ооруткан окуя болду. Бурулайдын окуясы бизге сабак болбоптур. Мен Кыргызстандын эркектерине кайрылып кетет элем. Баарыбызда эже-карындаш бар, кыз бар. Качан кыздарды сыйлаганды үйрөнөбүз? Мына бизде мыйзамдар бар, бирок, иштебейт экен. Биз мыйзамды күчөтөлү. Ала качуу салт эмес, ал — зомбулук. Ала качкан бир киши эмес, ага шарт түзүп, жардам бергендер да жазаланышы керек. Буга чекит коюу үчүн мыйзам менен жазаны эки эсе күчөтүү керек. Эч ким күткөн эмес. Буга ИИМ толук жооп бериши керек, ким муну 2 күн таппай, буга жол берип койду. Кылмышкерлерди 2 саатта таап коюп жатат, минткенде балким тирүү калмак», — деди Токтошев.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM