Биз менен байланышыңыз

Депутаттар Ички иштер министринин келүүсүн талап кылышты

Кыска кабар | 8 Апр 2021 | 1566 | 0

Бүгүн, 8-апрелде Жогорку Кеңештин жыйынында бир катар депутаттар Ички иштер министри Улан Ниязбековдун парламентке келип, 5-апрелде белгисиз адамдар тарабынан уурдалып, 7-апрелде сөөгү табылган 27 жаштагы Айзада Канатбекованын өлүмү боюнча жооп берүүсүн талап кылышты.

Депутат Дастан Бекешов болуп өткөн кыздын уурдалып, каза болушуна тартип органдары өз учурунда ыкчам чара көрбөгөнүн белгиледи.

«Ала качуунун курмандыгы болгон Айзада боюнча окуяга милиция кызматкерлери убагында реакция кылган жок. Ички иштер министринин кызмат ордун да карап чыгалы. Бул сунушту бүгүнкү жыйындын күн тартибине киргизели», деди Бекешов.

Депутат Наталья Никитенко мындай окуя биринчи жолу катталбаганын айтып, парламент бул маселени карабай койгонго моралдык укугу жок экенин белгиледи.

«Укук коргоо органдарынын кыздын өлүмүнө кайдыгерлиги, жоопкерчилиги каралышы керек. Парламенттик угууну өткөрүп, өкмөттүн зомбулукка каршы ишин канааттандырарлык эмес деген баа берүү керек», — деди Никитенко.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM