Connect with us

Адал стандарты: Кыргызстанга арап өлкөлөрүнөн келген туристтер көбөйдү

Коом , Экономика | 8 Апр 2021 | 3638 | 0

Экономика жана финансы министрлиги «Адал индустриясы жөнүндө» мыйзам долбоорун 6-апрелден тарта коомдук талкууга чыгарды. Мыйзам долбоору адал азыктарды өндүрүү жана сертификациялоонун укуктук негиздерин аныктоо, сертификациялоо боюнча органдардын, өндүрүүчүлөрдүн, жеке жана юридикалык жактардын, адал азыктарын өндүрүү жаатындагы ыйгарым укуктуу органдардын ортосундагы мамилелерди жөнгө салуу максатында иштелип чыккан. «Адал» сертификатын алуу үчүн өндүрүш атайын көзөмөлдөөчү органдардын аккредитациясынан өтүшү керек. Адал өндүрүштөр мусулман өлкөлөрүнөн келген туристтерге кандай таасир тийгизет?

Адал азыктарга сертификат берүүчү органдарды текшерүүдөн өткөрүү мамлекеттин улуттук аккредитациялоо органы тарабынан жүзөгө ашырылат. Андан сырткары эл аралык ченемдерге жана эрежелерге негизделип, Кыргыз Өкмөтү тарабынан белгиленген тартипте жүзөгө ашырылат. Сертификатты атайын шарияттын негизинде каралган талаптарга жооп берген учурда алса болот. Халал стандарттарынын талаптарына ылайык адал азыктар маркирленет.

Адал индустриясын өнүктүрүү борбору 9 жылдан бери Халал сертификатын берүү кызматын көрсөтүп келет. Компания эл аралык рынокко чыгып, КМШ өлкөлөрүнүн арасында алдыңкы орундардын катарын толуктады. Алар бүгүнкү күндө Польша, Беларусия, Орусия, Украина, Казакстан, Кыргызстан, Өзбекстан жана Индиядан келген кардарлар менен иштешет. Адал индустриясын өнүктүрүү борборунун директору Мыктыбек Арстанбектин айтымында, өлкө ичинде адал өндүрүштөрүнө сертификат ыйгарууда алардын гана борбору толук түрдө талаптарга жооп берет. Сертификат алуу бир нече баскычтардан турат.

«Адалга өтөм деп билдирме берген мекемелердин алгач документтерин карап чыгабыз. Бир канча ай ичи толук өндүрүштөрүн текшерүүдөн өткөрөбүз. Кандай азыктарды колдонот, тамак-ашка болгон мамилесин кандай? Деги эле жалпы маданиятын карайбыз. Бул баскычтан кийин ортодо келишим түзүлөт. Ошол келишимдин негизинде иш жүргүзүлөт. Чийки заты, иштеп чыгаруу процесси текшерилип, арам аралашып калуучу ыктымалдуулуктар аныкталат. Биздин талаптарга жооп бербеген жерлерине чекиттерди белгилейбиз. Андан соң кызматкерлерин окутабыз. Окуудан өткөн соң, экзамен тапшырышат. Ошондон кийин гана өндүрүшкө сунуштарды киргизебиз. Бул эң оор процесс болгондуктан, айдан жылга чейин созулуп кетет. Биз койгон талаптарга толук жооп бергенден кийин гана биздин борбор сертификат берет».

Өндүрүш адал макамын алгандан кийин, кандай процесстер жүрөт? Бул тууралуу борбордун директору Мыктыбек Арстанбек кошумчалады.

«Сертификат бергенден кийин иш башталат. Биз аларды план менен, кээде плансыз текшерип баштайбыз. Элден арыз түшсө же кандайдыр бир бузуулар болсо текшерүү, иликтөө иштерин жүргүзөбүз. Биз барган учурда алар бизге көрсөтүүгө милдеттүү. Эгерде аларда арам нерсе табылып, талаптарга жооп бербеген көрүнүштөр катталса, келишимди бузганга чейин барабыз. Бул нерсе сөзсүз түрдө элге жарыяланат. Ошондуктан текшерүү маселеси өтө кылдаттык менен жүрүшү керек. Жөн гана сертификат берип коюу маселе эмес. Кээ бир ишканалар ай сайын же жума сайын текшерилет. Компетенттүү, тамак-аш жайын билген, технологияларды жана шариятты түшүнгөн адистер иштеши керек».

Жеке ишкер Улукбек мырзанын айтымында, ислам өлкөлөрүнөн келген туристтерди эң алгач тамак-аш азыктарынын адал экени кызыктырат. Ишкер акыркы 5-6 жылда Кыргызстанга арап өлкөсүнөн келген туристтердин саны өсүп жатканын маалымдады.

«Бул көрүнүштү мамлекеттик деңгээлде да текшерүү керек. Туристтердин келишине да чоң таасирин тийгизет. Жаран катары алардын сертификаттарын талап кылышыбыз керек. 5-6 жылдан бери көп суммада чыгаша кыла турган туристтер арап өлкөлөрүнөн келип жатат. Ар бир мекеме ветеринар системасын киргизип, сертификаттардын көчүрмөлөрүн элге көрүнө турган жерге жайгаштырып коюшу керек. Ушундай учурда гана эле күмөн саноо болбойт».

Бир нече жылдан бери эт азыктарын чыгарып, «Адал азык» макамын алып жүргөн ишкананын маркетинг бөлмүнүн кызматкери Айбек Токтосунов компания Адал индустриясын өнүктүрүү борборунун сертификациялоосунан өткөнүн белгиледи. Анын айтымында, мындай макамды бренд катары колдонгон өндүрүштөр соодада аларга тоскоолдук жаратып, атаандаштык кыла албайт.

«Биз өзүбүздүн азыктарды халал деп тастыктаган сертификаттарды социалдык баракчаларга жүктөп койгонбуз. Кардарларга ошол жактан маалымат алуу мүмкүнчүлүгү түзүлгөн. Далилдөөчү документтердин баарын ачыктап, көрсөтүп бере алабыз. Өндүрүштөрдүн өзүнүн деңгээли болот. Жогорку деңгээлдеги өндүрүштүн сертификаты бар. Сертификаттарды текшерүүдөн өтүп, анан алышат. Ал эми белгисиз өндүрүүчү компанияларды биз атаандаш катары каттай албайбыз. Алардын текшерүүдөн өтүшү кыйын же өтпөй калышы да ыктымал».

Кыргызстанда буга чейин адал индустрияны өнүктүрүү боюнча Малайзиянын жана Түркиянын стандарттарына окшош адал стандарттары кабыл алынган. Өлкөдө бул тармакты өнүктүрүү үчүн жумушчу топ түзүлгөн. Ал эми аталган мыйзамда көрсөтүлгөн беренелерди аткарбагандар Бузуу кодексине ылайык жоопкерчиликке тартылат. Мыйзам долбоору расмий жарыяланган күндөн тартып 3 ай өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM