Биз менен байланышыңыз

Депутат Кумтөрдөн 200 миң доллар маяна алгандардын атын атады

Кыска кабар | 6 Апр 2021 | 9839 | 2

“Кумтөр” кенинин ишмердүүлүгүн текшерүүдө мамлекеттик кызыкчылыкка шек келтирген адамдарды катардан алыстатуу зарыл. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Өмүрбек Бакиров “ Кумтөр” кенинин ишмердүүлүгүн текшерип жаткан мамлекеттик комиссиянын отурумунда билдирди. Ал 2012-жылдары “Центерра Голд Инк” компаниясынын директорлор кеңешинин курамындагы кыргыз тараптан кирген 3 өкүл, айрым маселелерде мамлекеттик кызыкчылыгын коргобой, канадалыктарга адвокат болуп  келгенин айтып, азыр анын ишин текшерген комиссияга эксперт болуп киргенин белгиледи.

«Менин билишимче, директорлор кеңешинде отурган биздин эргулдар 180-200 миң доллардан айлык алып, кыргыздын кызыкчылыгын коргобой, Канаданын адвокаты болуп жүргөн. Алар Калыйнур Садыров, Нурлан Кыштообаев, Карыбек Ибраев. Биз жоого чыгып жатканда катарыбызды карап албайлыбы, ишеничтүү адамдар мененбизби? 200 миңдеген долларды алып, азыр бардык былыктары чыгып жатат. 2012-жылы Садыр Жапаров комиссия түзүп, маселени Жогорку Кеңешке алып чыкканда Карыбек Ибраев Кумтөрдүн кызыкчылыгын коргошкон. Экологиялык, экногмикалык бузуулар жок деп. Эми бүгүн кендин ишин текшерген комиссияга эксперт болуп калыптыр. Буларга кантип ишенебиз”, — деди Бакиров.

Бирок, депутат бул көлөмдөгү маяна айлык, же жылдык экенин ачык айткан эмес.

2 пикир

2 пикир

  1. Анарбай

    08.04.2021 03:38

    Мен Кыргызалтындын курулуш системасында (ССПП) бир жыл иштедим,Дилгер Союзбекович Жапаров ишкананын президенти болчу, мага 5200 сом айлык чектелген, ошол эле учурда президент Дилгир (Дилгер) Жапаров 30000$ алып иштеп журуптур, мен бул жонундо ага кылмыш иши козголгондо билип оозум ачылган…дал ошол убакта Муралиев, Жыпар Жекшеев Кыргыз алтындын директорлор кенешинде болушчу…айта берсе соз коп…

  2. Тургунай

    08.04.2021 07:11

    Озу доляда болсо керек. Озу да аралашып жургон ошолор менен бирге. Эми тил бутуп калгандай айтып жатат. Мурда кайда жургон жым отурганго. Сатканды эле билишет булар.

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM