Биз менен байланышыңыз

УКМК: Баткенде аткезчилик менен ташылган 12 тонна мандарин кармалды

Кыска кабар | 6 Апр 2021 | 1526 | 0

Баткенде аткезчилик жолу менен ташылып келген 12 тоннадан ашык мандарин кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, бүгүн, 6-апрелде Баткен облусунун Лейлек районунун 3 тургунуна таандык төрт «Мерседес Спринтер» унаасы кармалган.

Кармалган унааларды тинтүүдө коңшу мамлекеттен Кыргызстандын базарларына сатуу үчүн алынып келинген контрабандалык жүктөр табылып алынды. Кармалган жүктүн жалпы көлөмү 12 тоннадан ашык болгон. Ал эми жүктүн жалпы суммасы болжолдуу түрдө 1 млн сомдон ашык сумманы түзгөн.

Тийиштүү документтердин жоктугунан товарларды кармоо боюнча протоколдор түзүлүп, кармалган товарлардын базар баасын аныктоо жана төлөнө турган бажы алымдарын белгилөө үчүн унаалар «Баткен» бажы терминалына киргизилди.

УКМК аткезчиликке каршы күрөшүү боюнча күчөтүлгөн түрдө тиешелүү ыкчам-издөө иш-чараларын жүргүзүүдө.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM