Биз менен байланышыңыз

Жавад Зариф Жапаровду Иранга чакырды

Кыска кабар | 6 Апр 2021 | 1535 | 0

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 6-апрелде, Ирандын тышкы иштер министри Мохаммад Жавад Зарифти кабыл алды. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Анда тараптар ортосунда саясий, соода-экономикалык, маданий-гуманитардык жана инвестициялык кызматташтыкты кеңейтүү боюнча пикир алмашуу болду.

Садыр Жапаров эки өлкө ортосундагы соода-экономикалык мамилелерди, анын ичинде инвестициялык чөйрөнү чыңдоого кызыкдар экендигин билдирди.

“Кыргызстандын экономикасына инвестиция салууну каалаган ирандык чакан жана орто бизнес өкүлдөрү үчүн биздин эшиктер ар дайым ачык. Учурда биз чет элдик инвесторлорго жагымдуу шарттарды түзүү үчүн көп аракеттерди жасап жатабыз. Инвесторлорго болгон мамиле мындан ары өзгөчө болоорун баса белгилеп кетким келет», — деди ал.

Садыр Жапаров эки тараптуу кызматташуунун жигердүү багыты катары маданий-гуманитардык кызматташуу темасына токтолуп, Иран жетекчилигине Ош шаарында спорт комплексинин курулушун каржылоосу жана пандемия башталган маалда берилген гуманитардык жардам үчүн ыраазычылык билдирди.

Ал эми Ирандын тышкы иштер министри Мохаммад Жавад Зариф Иран жетекчилиги Кыргызстан менен туруктуу кызматташууга даяр экендигин белгилеп, эки тараптын ар кыл тармактарда кызматташуусу үчүн чоң потенциалга ээ экендигин кошумчалады.

Министр Соода-экономикалык, илимий-техникалык жана маданий кызматташтык боюнча биргелешкен кыргыз-иран өкмөттөр аралык комиссиясынын кезектеги отурумун өткөрүүнүн актуалдуулугуна токтолду.

Мохаммад Жавад Зариф Иран жетекчилигинин атынан Садыр Жапаровду өлкөгө сапар менен келип кетүүгө чакырды.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM