Биз менен байланышыңыз

Кыргыз-кытай чек арасынан товар өткөрүү маселеси талкууланат

Кыска кабар | 6 Апр 2021 | 1639 | 0

Кыргызстан менен Кытайдын бажысынан жүк өткөрүүнү тездетүү максатында Өкмөттүн деңгээлинде жана Нарын, Ош облусунун башчылары менен Кызыл-Суу автономиялуу обулсунун башчыларынын деңгээлинде сүйлөшүүлөр өтөт. Бул тууралуу парламенттин Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында Тышкы иштер министрлигинин өкүлү билдирди.

Анын  айтымында эки өлкө ортосундагы товар өткөрүүнүн көлөмүн жогорулатуу боюнча эки өлкөнүн премьер-министрлери жана тышкы иштер министрлери сүйлөшүүлөрдү өткөрүшкөн. Ал Кытай тараптын берген маалыматына таянып, Эркештам, Торугарт өткөрмө пункттарынан товар киргизүүнүн азайып кетүүсүнүн себебин айтып берди.

“Кытай тарап берген маалыматка караганда чек арада иштеп жаткан кызматкерлер жүк келген учурда өз убагында жумушун аткарбай жатыптыр. Анан Кыргызстандан унаалар кирип жатканда биздин кызматкерлер дезинфекцияны кылдаттык менен аткарбагандыктан, кийин Кытай тарап дагы бир жолу дезинфекциялоо ишин кылат экен. Мына ошонун айынан жүк өткөрүү жайлап кеткен”.

Министрликтин өкүлү белгилегендей, пандемияга байланыштуу эки өлкө тең алгоритм киргизип, кирген-чыккан унаалар дезинфекцияланып турма болгон. Бул товар жүгүртүүнүн ылдамдыгына таасир этти. Бул ишти тездетүү максатында дезинфекциялоочу өткөрмөлөрдүн саны көбөйтүлүп жатат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM