Биз менен байланышыңыз

Тоолуу райондордо кар көчкү түшүү коркунучу сакталат

Кыска кабар | 6 Апр 2021 | 1560 | 0

Өлкөнүн тоолуу райондорунда кар көчкү түшүү коркунучу сакталат. Бул тууралуу Кыргызгидромет борбору билдирди.

Маалыматка ылайык, жаап өткөн жаан-чачынга жана абанын темпратурасынын жогорулашына байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Бишкек-Ош автоунаа жолундагы Төө-Ашуу, Ала-Бел ашууларында, Чычкан капчыгайында, Өтмөк ашуусунда, Ала-Бука-Жаңыбазар-Кировка автоунаа жолунун Чапчыма, Кара-Буура ашууларында кар көчкү түшүүсү мүмкүн.

Мындан сырткары Каракысмак капчыгайында, Бишкек-Нарын-Торугарт автоунаа жолундагы Долон ашуусу, Кара-Үнкүр капчыгайында, Казарман-Актал-Чат автоунаа жолунун Кара-Гөө, Ош-Сары-Таш автоунаа жолунун Талдык ашууларында, Сары-Таш-Дароот-Коргон-Кара-Мык автоунаа жолунда жана Каракол-Эңилчек автоунаа жолунун Чоң-Ашуу ашуусунда кар күрткүсү күтүлөт.

Жолдор тайгак болуп муз тоңот. Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.

 

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM