Биз менен байланышыңыз

Көчөт отургузуунун сиз билбеген сырлары

Блог | 6 Апр 2021 | 3795 | 0

Көчөттөрдү отургузуудан мурун атайын жерди даярдоо процесстери жүргүзүлүш керек. Кыргызстандын шартында кандай өсүмдүктөрдү өстүрсө болот? Андан сырткары экологияга оң эффект берген көчөттөрдү тигүү боюнча Ак Терек коомдук фонддун башчысы, эколог Назгүл Эсен менен маек курдук.

Жаз келери менен адамдардын баары короолорун жашылдандыруу максатында өсүмдүк, бак-дарактардын түрлөрүн отургуза баштайт. Бирок көп учурда айлана-чөйрөнү кооздоо максатында көчөттөрдү тигишет. Көпчүлүк алардын кандай шартта урук алып, өсүп кетишине маани бербейт. Көчөт отургузуунун сиз билбеген бир топ сырлары бар.

— Көчөттөрдү отургузууда алдын ала кандай даярдыктар жүргүзулүшү керек?

— Көчөт тигүүнүн атайын өзүнүн мезгили болот. Көбүнчө апрель айынан тартып тигүү процесстери башталат. Тамырлары жакшы өөрчүгөн көчөттөрдү колдонуу кажет. Тамырынын өзгөчөлүктөрүнө жараша жерди, топуракты туура тандоо керек. Таштак жерде өсө турган көчөттөрдү өзүнө ылайыктуу жерге жайгаштыруу маанилүү. Андан сырткары биздин климатка ылайыкташкан, адапдациядан өткөн уруктарды эксе, андан ары өсүп кетүү процесстери жакшы жүрөт. Аларды бири биринен алыс аралыкта отургузса, тоскоолдуксуз өсөт.

— Экологияны, абаны тазалоо максатында кандай өсүмдүктөрдү тигүү зарыл? 

— Бак-дарактарды, гүлдөрдү ж.б. өсүмдүктөрдү кооздук тартуулоо үчүн гана өстүрүү туура эмес. Адамдын ден соолугуна зыян жагын тийгизген көчөттөрдөн алыс болуу керек. Кээ бир адамдарда аллергия болушу мүмкүн. Ошондуктан көчөт эгерден мурун, атайын жашылдандыруу тармагында түшүнүгү бар адистерге кайрылса болот. Абаны зыяндуу жана керексиз заттардан коргоп туруу үчүн жалбырагы чоң бак-дарактарды өстүрүү керек. Чоң жалбырактар шамалды, абаны өткөрүп турат. Алар абадагы керексиз газдарды кармап калат дагы, ошол эле учурда абаны тазалайт. Мисалы, чынар терек, липа, декаративдүү алманын көчөттөрү, клендун түрлөрү ж.б. өсүмдүктөр экологияга оң эффектисин берет.

— Башка өлкөдөн алып келген көчөттөрдү биздин шартта өстүрсө болобу?

— Чет жактан мода иретинде ар түрдүү көчөттөрдү алып келип жатабыз. Алардын баары биздин климатта уруктана бербейт. Алып келерден мурун урукту текшерип, генетикалык оорусу бар же жок экенин кароо керек.  Лабороториядан текшерилип, сертификациялангандан кийин отургузса болот. Ал жакта оорубаган өсүмдүк, биздин шартта ооруп калышы мүмкүн же ооруну пайда кылышы да ыктымал. Ошондой эле, Кыргызстандын ичинде дагы көчөттөрдүн жер алмаштырылышы татаал процесс.

— Дары менен бышкан жемиштер адамдын ден соолугуна канчалык  зыянын тийгизет?

— Өсүмдүктүн кайсы гана түрү болбосун, химиялык зат кошулганда өзүнчө химиялык кубулуш жүрөт. Ал эми даамына таасир тийгизиши жана тийгизбеши дагы мүмкүн. Химиялык жол менен бышса дагы, даамдуу болуп жаткан учурлар көп. Даамынан дагы ден соолукка зыян  жагын тийгизгенин байкоо керек. Адамдын организминде ар кандай ооруларды пайда кылат. Андыктан, корооңуздагы өсүмдүк, бак-дарактарды табигый жол менен карасаңыз пайдасы көп.

— Көчөттөрдү отургузууда дагы эмнелерди эске алуу керек?

— Уруктарды отургузууда алардын оң жана терс заряддалганын эске алуу маанилүү. Мисалы, теректердин көбү терс заряддагы энергияны топтойт. Ал эми липа оң заряддагы энергияны чыгарат. Ошодуктан, аларды аралаштырып отургузса туура болот.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM