Биз менен байланышыңыз

Жусуп Абдрахмановдун күндөлүгүн ЮНЕСКОнун тизмесине киргизүү сунушталды

Кыска кабар | 6 Апр 2021 | 1503 | 0

Жусуп Абдрахмановдун өмүр жолу жалпыбызга үлгү болууга тийиш. Мындай пикирин премьер-министр Улукбек Марипов Жусуп Абдрахмановдун 120 жылдыгын белгилөөгө даярдык көрүү жана өткөрүү боюнча уюштуруу комитетинин кеңешмесинин жүрүшүндө билдирди.

Кеңешмеде Абдрахмановдун элесин түбөлүк калтырууга багытталган иш-чаралар талкууланды. Марипов бардык иш-чаралар жогорку деңгээлде уюштурулушу зарыл экендигин белгиледи. Мындан сырткары мамлекеттик ишмердин күдөлүгүн ЮНЕСКОнун материалдык эмес маданий мурастар тизмесине киргизүү боюнча да маселе каралды.

«Жусуп Абдрахманов – заманбап кыргыз мамлекеттүүлүгүн түптөөгө олуттуу салым кошкон белгилүү мамлекеттик ишмер. Анын өмүр жолу Кыргызстандын ар бир жаранына, өзгөчө мамлекеттик кызматкерлерге үлгү болууга тийиш», — деп, өкмөт башчы кошумчалап өттү.

Белгиленгендей, президенттин «Жусуп Абдрахмановдун туулган күнүнүн 120 жылдыгын белгилөө жөнүндө» Жарлыгына ылайык, 19-март күнү уюштуруу комитети түзүлгөн, анын курамына мамлекеттик жана муниципалдык органдардын өкүлдөрү, маданият жана искусство ишмерлери кирген.

Кеңешменин жүрүшүндө белгилүү мамлекеттик ишмердин элесин түбөлүк калтырууга багытталган иш-чаралардын планы сунушталды. Жыйынтыгында киргизилген сунуштарды эске алуу менен планды толуктап иштеп чыгуу чечими кабыл алынды.

 

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM