Биз менен байланышыңыз

КРнын эмгек сиңирген дарыгери Михаил Медведев коронавирустан каза болду

Кыска кабар | 6 Апр 2021 | 1555 | 0

КРнын эмгек сиңирген дарыгери, профессор Михаил Медведев кечээ, 5-апрелде 63 жаш курагында каза болду.

Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинен билдиргендей, ал Кыргыз-Орус Славян университетинин офтальмология кафедрасынын башчысы, И.К.Ахунбаев атындагы академиялык сыйлыктын лауреаты, “Даңк” орденинин ээси, КРнын офтальмологдор илимий-практикалык коомунун төрагасы болуп келген.

Инфекциялык оорукананын башкы дарыгери Гүлжигит Алиевдин билдирүүсү боюнча, Медведев коронавирустан дарыланып жаткан.

Буга байланыштуу бир катар мамлекеттик жетекчилер аны үлкөн дарыгер экенин эскеришип, жакындарына, окуучуларына, досторуна терең кайгыруу менен көңүл айтышты.

Алардын катарында Биринчи вице-премьер-министри А.Э. Новиков, Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри А.С. Бейшеналиев, статс-катчы К.Т. Шадыханов, министрдин биринчи орун басары А.К. Солтонбекова, министрдин орун басары Ж.М. Рахматуллаев, министрдин орун басары У.Б. Бектурганов, министрдин орун басары Б.И. Жангазиевдер да бар.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM