Биз менен байланышыңыз

Айдоочулар ортомчу көмүр казуучу компанияларга каршы нааразычылыкка чыгышты

Кыска кабар | 6 Апр 2021 | 1618 | 0

Көмүр казуучу компаниялар менен түз иштешүүгө макул эместигин билдиришип, 30дай айдоочу “Кыргызкөмүр” мамлекеттик ишканасынын алдына чогулушту. Бул тууралуу мекеменин маалымат катчысы Жийде Зоотбекова кабарлады.

Анын айтымында мамлекеттик тендерден уткан көмүр казуучу компаниялар, аны жеткирүүчү айдоочуларга арзан тариф менен ташытып жатышат. Андыктан алар компания менен эмес, “Кыргызкөмүр” менен түз клишим түзүп иштешүүнү талап кылышууда.

“Учурда ишкананын директору менен жолугуп сүйлөшүүдө. Алар түздөн-түз “Кыргызкөмүр» менен иштешкиси келип жатыптыр. Бул Өкмөт койгон талап, биз аны аткарышыбыз керек. Бирок, ишкананын директору Канатбек Аширбаев Өкмөткө кат жөнөтүп, айдоочулар менен түз иштешүүнү, белгилүү бир тарифти коюп берүүнү өтүндү”, — деди Зоотбекова.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM