Биз менен байланышыңыз

“Спутник V” вакцинасын сатып алууга кошумча каражат бөлүү маселеси каралууда

Кыска кабар | 6 Апр 2021 | 1573 | 0

Россиянын коронавируска каршы “Спутник V” вакцинасын сатып алууга кошумча каражат бөлүү боюнча долбоор даярдалууда. Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министринин орун басары Улук-Бек Бектургановдун айтымында, Республикалык штабдын жыйынында биринчи вице-премьер-министр Артем Новиков аталган вакцинаны алууга тапшырма берген.

“Россиянын “Спутник V” вакцинасын сатып алуу үчүн кошумча каражат бөлүү боюнча долбоор даярдалууда. Анын алкагында 118 миң адам эмделет”, — дейт ал.

Белгилей кетсек, буга чейин саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев Кыргызстанга «Спутник V» вакцинасы май, июнь айларында келерин билдирген. Ал билдиргендей, өлкөгө аталган вакцинанын 500 миң дозасы акысыз негизде берилет.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM