Биз менен байланышыңыз

Кыргызстанда 644 адам коронавируска каршы эмделди

Кыска кабар | 6 Апр 2021 | 1491 | 0

Кыргызстанда 644 адам коронавируска каршы эмделди. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министринин орун басары Улук-Бек Бектурганов брифинг учурунда билдирди.

Анын айтымында, 29-марттан бери өлкө боюнча 644 жаран вакцина алган.

“Анын ичинен Бишкекте 214, Ош шаарында 255, Чүй облусунда 109, Ош облусунда 20 жана Ысык-Көл облусунда 43 адам эмдөөдөн өттү”.

Калкты эмдөө үчүн Бишкекте 5 эмдөө пункту ачылган. Бириккен үй-бүлөлүк медицина борборунун жана №7 үй-бүлөлүк медицина борборунун базасында, Ысык-Ата жана Сокулук райондорунун үй-бүлөлүк дарыгерлер борборуна 5 эмдөө пункту, Ошто №8 жана №10 ҮМБнын эки филиалынын базасында 2 пункт ачылган.

Белгилей кетсек, Кыргызстанга Кытайдын SinoPharm вакцинасынын 150 миң дозасы келген. Аны менен 75 миң адам эмделет.  Вакцинаны биринчилерден болуп 29-мартта саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев алган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM