Биз менен байланышыңыз

Ош-Бишкек жолундагы жүк ташуучу унааларга киргизилген чектөө алынды

Кыска кабар | 6 Апр 2021 | 1455 | 0

“Сосновка” жана “Арал” постторунда жүк ташуучу унааларга киргизилген чектөө алынды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.

Бишкек-Ош унаа жолу унаа кырсыктарын, тыгындарын алдын алуу жана болтурбоо максатында 5-апрелде жүк ташуучу унааларга чектөө киргизилген. Анда Жайыл районунун “Сосновка” жана Токтогул районунун “Арал” постторунда күйүүчү май ташыган оор жүк ташуучу унаалардын каттамы тескелген.

Бүгүн 6-апрелден тарта “Сосновка” жана “Арал” постторунда убактылуу киргизилген чектөө алынды.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM